У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2010-жылдагы июнь окуясы. УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаевге айып тагылды


 УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаевге 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча айып тагылган. Бул тууралуу 20-майда белгилүү болду. 
 
Маалыматка ылайык, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыпталууда. Ал эч өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган. 
 
Дүйшөбаев өзүнө тагылган айыптарды негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейт 
 
«Менин билишимче, Бектур Асанов менен Исмаил Исаков да Башкы прокуратурада суракка алынган. Мага айып эртеӊ менен тагылды.  Бардык айыптар негизсиз жана мыйзамсыз. Бизде корко турган эч нерсе жок, аягына чейин барабыз», - дейт Дүйшөбаев. 
 
Ал ошондой эле Бектур Асанов экөө оппозицияда экенин, бул айыптар алардын оппозициялык ишмердүүлүгүнөн улам тагылып, куугунтуктоо аракети болуп жатканын кошумчалаган.
 
«Бизге айыптар оппозициялык ишмердүлүгүбүздөн улам тагылып жатат. Бул ошондой эле коомчулукту өздөрүнүн туура эмес иштеринен алаксытуу аракети – аларда каталар жана көйгөйлөр көп», - деп эсептейт Дүйшөбаев.
 
Эске салсак, Кеңешбек Дүйшебаев 2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматты жетектеп турган.
 
Исмаил Исаков Коргоо министрлигин, ал эми Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter