У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө 5-класстан тартып даярдоо сунушталууда…


Окуучуларды 5-класстан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө даярдай баштоо сунушталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.   
 
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-майда Билим берүү жана илим министрлигинде «Жаш тилчилер» уюмунун алгачкы кеңешмеси болуп өттү. Ага Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, кыргыз тилин өнүктүрүү багытында жаштар менен иш алып барган коомдук фонд, уюмдардын өкүлдөрү жана кыргыз тилчи жаш мугалимдер катышкан.
 
Кеңешмеде кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча бир катар маселелер талкууланып,окуучуларды кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо маселелери көтөрүлдү.
 
«Окуучуларды 5-класстан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө даярдай баштасак жакшы болмок. Анткени бүтүрүүчү класстарда даярдай баштоо менен кечигип калуудабыз», - деп билдирди Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter