У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев пара алууга шектелип кармалган кеӊешчиси менен координатору тууралуу билдирди


 13-майда УКМК 100 миң 500 сом пара талап кылган деген шек менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору - Каракол шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Б.Ж. кармалганын маалымдаган. 
 
Мекеменин билдиргенине караганда, кармалган Б.Ж. акча каражатын өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган. Кармалган учурда министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеӊешчиси да болгон. 
 
Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев АКИpress агенттигине маалымат берип, окуя боюнча өз пикирин билдирген.
 
«Ошол күнү медайымдардын Эл аралык күнү болчу. Майрага карата иш-чара уюштурулуп, медайымдар майрамды кафеде белгилөө үчүн өз ара сүйлөшүп, 1000 сомдон чогултушкан. Акчаны Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору жана менин кеңешчим чогулткан. Иш-чарага 250дөн ашык адам катышты. Иш-чарага акча которуу учурунда координатор менен кеңешчим УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды», - деген министр.
 
Бейшеналиев белгилегендей, Жети-Өгүз аймактык ооруканасында текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.
 
«Жети-Өгүз ооруканасынын башкы дарыгери текшерүүнү саламаттыкты сактоо министрлигинин координатору уюштуруп жатат деп ойлогон. Ал координатордун үстүнөн медайымдардан акча чогултуп жатат деп арызданган, бирок акчаны эмнеге чогултуп жатышканын айткан эмес. УКМКнын кызматкерлери бир медайымдан акчаны эмнеге чогулутуп жатканын сурган, медайым акчаны УКМКнын кызматкерлерине берет, алар акчаларга белги коюп, кайра акчаны медайымга берет. Андан кийин акчаны кеӊешчим менен координаторума берип жатканда УКМКнын кызматкерлери пара алды деген шек менен аларды кармашкан. Чынында окуя башкача болгон, акча кафедеги майрамдык кече үчүн чогултулган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деп билдирген ал.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter