У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат казино боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарууну сунуштады


  Казино боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу зарыл. Бул тууралуу депутат Бактыбек Чойбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Ал белгилегендей, мыйзам долбоору чийки жана шашылыш киргизилип жатат. Мындай пикирин буга чейин Дастан Бекешев да билдирген болчу.
 
«Биз коомдук талкууларды өткөрүшүбүз керек. Экономикада кыйынчылыктар бар экенин түшүнөбүз. Бирок биз министрлер кабинетине, мамлекетке туура жол менен жардам беришибиз керек. Өлкөнүн өнүгүүсүнө чынчыл жол менен кетсе жакшы болмок. Кудай тыюу салган жолго кайра барып жатабыз», - деди эл өкүлү.
 
Финансылык көзөмөлдүн башчысы Улан Сарбановдун айтымында, мыйзам кабыл алынгандан кийин Кыргызстанда 2011-жылга чейин иштеп келген тогуз казино ачылышы мүмкүн.
 
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште казино боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter