У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоо эмес, дайындоо сунушталды


Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо эмес, дайындоону сунуштаган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу министр Алмазбек Бейшеналиев 10-майда парламенттин социалдык саясат комитетинди билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, "улуттук" макамы бар төрт окуу жайдын ректорлорун президент дайындайт, калган 29 мамлекеттик окуу жайдын жетекчиси Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындалат.
 
Бейшеналиев Жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоого караганда дайындоо оӊ натыйжа берерин, себеби окуу жайларда билим берүү жараянына караганда, саясий жараяндар көп болуп жатканын белгиледи.
 
Учурда "улуттук" макамга төрт жогорку окуу жайы: Жусуп Баласагын атындагы университет, Скрябин атындагы айыл чарба университети, Молдобасанов атындагы консерватория жана Садыков атындагы көркөм академия ээ.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter