У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандын үч жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза болду


5-майда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушканын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
 
Окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө-Коргон участкасында болгон.
 
Натыйжада 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж., 2000-жылы туулган А.Ж. жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, алган жараттарынан улам эсине келбей каза болгон.
 
Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашты.
 
Эске салсак, 5-апрелде Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter