У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Султан Алыбаев: Таштанды чыгарууга болгон тарифти көтөрүү керек


 Турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн таштанды чыгаруунун тарифин көтөрүү керек. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Султан Алыбаев 28-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында.
 
Ал белгилегендей, азыркы тариф өтө төмөн жана бардык чыгымдарды жаба албайт.
 
«Шаардын жашоочулары 22,5 сомдон төлөшөт. Бул акча эмес. Анын ичинен 4,5 сому Бишкектин санитардык полигонуна кетет. 18 сом калат. Бул бир бөлкө нандан арзан», - деди ал.
 
Султан Алыбаев белгилегендей, тарифти 40 сомдон кем эмес көтөрүү керек.
 
Депутат Казыбек Эргешов Октябрь районундагы таштанды ташыган жеке компания эмне үчүн киреше таап жатканын сурады. 
 
«Жалпысынан шаар боюнча 24 жеке менчик таштанды чыгаруучу ишканалар иштейт. Негизинен алар жеке ишканалар менен иштешет. Биз бул жагынан алардан утулуп жатабыз», - деп белгиледи Султан Алыбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter