У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө уруксат берүүнү сунуштоодо


 Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү маселесин көтөрүштү. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
 
Депутаттар Марлен Маматалиев, Чолпон Султанбекова, Камила Талиева жана Айбек Осмонов “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи.
 
«Мыйзам долбоору өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүүгө чектөөлөрдү алып салуу максатында иштелип чыккан. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, оӊ рулдуу унаалар жол кырсыгына себепкер эмес. Республикадагы жол кырсыктарынын 60 пайызы рулдун жайгашканынан эмес, жол эрежесин билбегендиктен болгондугу аныкталды. Акыркы жылдары Кыргызстанга оң рулдуу унаалар Абхазия, Армения жана Орусиядан алынып келинген. “Коопсуз шаар” системасы боюнча катталган бажы төлөмдөрү, салыктар жана туумдар бюджетке төлөнбөй жатат”,-деди Чолпон Султанбекова.
 
Ал оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынганы менен мындай унаалар Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жатканын белгилеп, депутаттардан мыйзам долбоорун колдоону суранды.
 
Белгилей кетсек, оң рулдуу унаалар боюнча мыйзам долбоору ушул жылдын февраль айында коомдук талкууга коюлган. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров оӊ рулдуу унааларды каттоого уруксат берүүгө каршы экенин билдирген. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter