У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дөөлөт Сыдыков: Садыр аба, Азамат Жаманкуловдон мени коркутуп дубай салам айттырганыңыз ашыкча эле болуп калды


 Бүгүн, 25-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, ал маегинде «Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун менчиги эмес экенин, ал жерде  анча-мынча кашааларын оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын, эл суктанып кирип көрө тургандай жаӊы  «Манас» айылын сала турганын  айткан. Анын сөзүнө манасчы Дөөлөт Сыдыков фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп жазды. Ал өз сөзүндө «Манас» айылы анын менчиги эмес экенин, ал жетекчи катары өз милдеттин аткарып жатканын айткан.
 
«Садыр аба, ооба,"Манастын айылы" менин менчигим эмес, ал жерде мен жооптуу мамлекеттик кызматкермин, милдетимди гана аткарып жатам. 5 сотый деп калп эле шылтоо менен Манастын айылын басып алалы деген Марат Турсунбеков менен Дамирбек Асылбек уулунун жана Нургалы Асаналиевдин дагы менчик жери эмес. Эмне үчүн жогорудагы ысымы аталгандар "Манастын айылын" тебелеп кирип каалаганын кылыш керек? 
  
Манастын айылы 1995- жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгына арналып бөлүнүп берилген тарыхый жер. Бул жерге 5 сотый эмес, мыйзамсыз беш кадам киргенге эч кимдин акысы жок. "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна ак үй салып, "Манастын айылынын" ордуна министрлер отурган Өкмөт үйү салынат деп сизден келген "билермандар" эбак эле айткан. Проектиси даяр экенинен дагы кабарым бар. Эми андай эле жерди ала турган болсоңор мыйзамдуу кагаз, чечим кайда десем? Эч ким, эч нерсе көргөзө албады. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Тилек Батырканов дагы жердин мыйзамдуу документин көргөзө албады. Анан мен эмне кылышым керек? Андан көрө ачык эле, агынан жарылып "Манастын айылынын" ордуна Өкмөт үйүн салалы деп дароо эмне үчүн чечим чыгарган жоксуз? Ошол себептен улам "Манастын айылын" тоого көчүрүүнү жолу табылган сыяктуу. Ошондой эле, комплекстин жери жаңы Өкмөт үйүнө керек деп бекисе, мыйзамдуу чечим чыгышы керек эле. Андай эле эл үчүн болгон иш болсо, ачык айтылышы керек. Ал эми учурдагыдай бүдөмүк иштерге мен каршымын. Мен саясатчы эмесмин, мен Манасчымын. Мага саясат же популисттик көз караштардын зарылдыгы жок. Мага "Манас" өз жеринде кандай колдоого ээ, ошол маанилүү. Мен аябай кубанычтамын.  "Манас айылы" салынат деген кебинизге сүйүнүп турам.  Манас театры дагы салынсын.  Бирок, бир жыл мурун дагы ушул иш боюнча тапшырма бекитип, биз иштеп келдик эле. Эми болсо сиз "колдогондордун" кылган иштерин сиз кубаттап, колдоп турганыңызга менин акылым айран болуп жатат.  Мени бул ишке куурчак кылам деген ашыкча нерсе. 
 
 Аттиң, Маданият министри Азамат Жаманкуловдон мени коркутуп дубай салам айттырганыңыз ашыкча эле болуп калды. Андан көрө бир жылдан бери иштеп жаткан Манас долбоору боюнча сурап койсоңуз жакшы болмок. Эмне үчүн биз анда Президенттин иш башкармалыгы менен "Манастын айылын" кайра куруу боюнча иш алып бардык эле, карышкырга эле кой кайтарткан экенбиз да!
  
Кандын касиети сөзүнүн күчүндө!  Сөз эки бөлөк болгондо, касиети качат. Манас боюнча ар бир ишке убада берсе орундалыш керек, болбосо айтпаш керек эле...
Улутум кыргыз, урааным Манас! Манас! Манас!!!»,-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Karri
  • 26-04-2022, 21:06
  • : 21:06
    • Нравится
    • 0
ในยุคนี้ เชื่อว่าทุกท่านนั้นจะต้องประสบเจอกับปัญหาว่างงานหรือมีปัญหาเรื่องเกี่ยวกับการเง
ินอย่างแน่นอน เพราะว่าไม่ว่าจะเป็นเศรษฐกิจที่ตกอับ ไม่อาจจะปฏิบัติงานหาเงิน วันนี้ทางslot เว็บตรงมีวิธีการหาเงินง่ายๆกับการเล่นslotที่เป็นเกมออนไลน์หารายได้ได้จริง สามารถหาเงินออนไลน์ได้ทุกๆที่ตลอดวัน 24 ชั่วโมง ซึ่ง g2gbk8 เป็นสล็อตเว็บตรงไม่ผ่านเอเย่นต์มีความปลอดภัยถูกตามกฎหมายคาสิโนสากล การันตีจากผู้เล่นจริงทั่วทั้งประเทศ คนไทยสามารถหาเงินง่ายๆ โดยทาง g2gbk8 นั้นมีค่ายเกมslot joker เว็บตรง,pg slot เว็บตรงฝากถอนไม่มีขั้นต่ำ เว็บตรง,เว็บตรง slotxo,สล็อตซุปเปอร์ แค่เพียงสมัคร pg slotกับทาง g2gbk8 ที่เป็นสล็อตเว็บตรงไม่ผ่านเอเย่นต์ ซึ่งไม่ผ่านตัวแทนหรือตัวกลางใดๆเล่นเกมสล็อตเว็บตรงได้โดยตรงกับค่ายเกม มีเกมเกมสล็อตเว็บตรงให้เลือกเล่นมากยิ่งกว่า 200 เกมส์ รวมทั้งยังมีบริการต่างๆล้นหลามที่จะเพิ่มความสะดวกสบายให้กับสมาชิกเกมสล็อตเว็บตร
ง ไม่ว่าจะเป็นการเติม-ถอน ไม่มีอย่างต่ำแล้วก็มีความรวดเร็วประเมินผลด้วยระบบออโต้ มีความแม่นยำสูง ไม่จำเป็นต้องส่งสลิปการโอนให้กับทางแอดมินให้เสียเวล่ำเวลา หรือจะเป็นโปรโมชั่นแจกฟรีเครดิต200% หรือจะเป็นโปรฝาก 50 รับ 100 เพื่อนๆสามารถหารายได้ออนไลน์ได้แล้วที่เว็บเกมสล็อต slotxo เว็บตรงไม่ผ่านเอเย่นต์ 2022
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter