У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эдил Байсалов: Пенсия алуу үчүн акча чогулткула. Мамлекет силерге карыз эмес...

 
Биздин өлкөдө социалдык төлөмдөрдү төлөөчүлөр аз. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.
 
Анын айтымында, социалдык төлөмдөрдү негизинен ири компаниялар түзөт.
 
"Базарда иштегендер, дыйкандар, мигранттардын көбү милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, Социалдык фондго төгүмдөрдү төлөшпөйт. Балким, биз калкка жетиштүү маалымат бербей жаткандырбыз. Жаштарга пенсияны эрте топтоо баштаса пенсия ошончолук жогору болоорун түшүндүрүү керек, эгер салым кошпосо кийин пенсия албайт. Ошондо жөлөк пул аласыңар, бирок мамлекет силерге бир тыйын да карыз эмес”, - деди ал.
 
Эдил Байсалов белгилегендей, концепцияга ылайык, пенсияга чыгуу үчүн айрым жеңилдиктерди алып салуу чаралары этап менен ишке ашырылат.
 
«Азыр бийик тоолуу аймактарда жашоо шарттар өзгөрдү, баалар дагы Бишкекке караганда арзан. Ошондуктан пенсия жашын көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Бирок дароо эмес, акырындык менен, ар бир алты ай сайын пенсия курагын көтөрүүнү карап жатабыз. Бул аскер кызматкерлерине да, башкаларга да тиешелүү», - деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.
 
Белгилей кетсек, Социалдык фонд жарандарды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter