У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эки жашар кыздын өлүмү боюнча соттолгон жаран мунапыс менен боштулганы турат

 
 Жалал-Абад облустук соту Сузак районунун 36 жаштагы тургунун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү, ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча 10 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, айыпталуучу мунапысты колдонуу менен мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылып, соттолгон адам бошотулганы турат. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюму билдирди.
 
Эске салсак, 2019-жылдын март айында Сузак районунда эки жашар кыз ур-токмоктон улам каза болгон. Наристенин өлүмүнө шектелип өз энеси кармалган. Райондук сот ошол эле жылдын ноябрь айында кыздын апасын 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк, 2020-жылдын январында өкүмдү аткаруу аялдын кош бойлуулугуна байланыштуу – жаңы төрөлгөн ымыркай 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган.
 
2020-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облустук соту облустук прокуратуранын арызынын негизинде биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарган. Прокуратура өз билдирүүсүндө кыздын өгөй атасынын кыздын өлүмүнө катыштыгы бар болушу мүмкүн болгон жагдайларды эске алган.
 
Прокуратура кыздын алган жаракаты апасынын айткандарына дал келбей турганын эске алган. Сурак учурунда кыздын апасы күнөөнү мойнуна алып, кызын телефонду кубаттоочу зым менен сабаганын айткан.  
 
Мындан тышкары, облустук прокуратура соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна таянган. Экспертизада кыздын боору айрылып кеткени, колу-бутунда, белинде көгөргөн жерлер бар экени, 38 мм гематома жана катуу буюм менен алган соккудан каракушу жарылганы көрсөтүлгөн.
 
Аялдын жакындары жарандык никедеги жолдошу аны алдап, кыздын өлүмүн  мойнуна алдырганын айтышкан. Ал кош бойлуу аялга кылмыш иши үчүн көп жыл берилбей турганын, унаасын сатып, аялды куткарып ала турганын айтып ишендирген. Ал эми соттук териштирүүдө аялдын абалынан пайдаланып, аны ынанымдуу түрдө каралаган.
 
Тергөөнүн жүрүшүндө өгөй ата да кыздын өлүмүнө тиешеси бар болуп кармалган. Райондук сот ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренеси "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" боюнча өкүм чыгарып, аны 4,5 жылга эркинен ажыраткан. 
 
Бирок, прокуратуранын арызынын негизинде Жалал-Абад областтык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү») менен өгөй атаны 10 жылга эркинен ажыраткан.
 
“Адилет” укук коргоо уюмунун жактоочусу Нурислам Райымжанов облустук соттун чечимине макул эмес. Ал райондук соттун чечимине да таӊ калганын жашрыбайт. 
«Эгерде бир адам соккунун күчүн эсептебей туруп урса бул шалаакылык катары кабыл алынышы мүмкүн. Бул жерде  кичинекей баланы мыкаачылык менен ур-токмокко алуу да болгон», — деп билдирген Райымжанов.
 
Адилеттин жактоочусу Жогорку Сотко кассациялык арыз даярдап жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter