У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай жараны «Халык Банк» аркылуу Кыргызстандан 698 миллион доллар чыгарып кеткен

 
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандан Кытайга 700 миллион долларга жакын каражат чыгарып кеткен деп айыпталган кытайлык жаранга карата өкүм чыгарды. Соттун өкүмү Жогорку соттун сайтында жарыяланды.
 
Маалыматка ылайык, Кытайдын жараны Л.Л. Кыргызстандын жарандары менен сүйлөшүп алып, «Халык Банк» аркылуу Кытайдагы фирмалардын эсебине жасалма фирмалар аркылуу 697 миллион 591 миң АКШ долларын мыйзамсыз түрдө которгон. Бул мыйзамсыз акча которууларды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нурлан Казабеков коргоп келген. 
 
Иштин материалдарына ылайык, 2019-жылы борбор калаада Кытай жарандары Liu Liping жана Liu Jiancheng, ошондой эле Кыргызстандын бир катар жарандары өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын Кытайдагы чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине которуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди башташкан.
 
Алсак, Кыргыз Республикасынын жарандары кылмыштуу ниетин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоого турган «Никос Трейд» ЖЧКсы, «Бишкек Үч Жүз Он эки» ЖЧКсы, «Кэйге Импекс» ЖЧКсы, «Долон Трейд» ЖЧКсы, Б.И.Т. жана «Ийгилик Инвест» ЖЧКсы банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары аркылуу «Халык Банк Кыргызстан» ААКсынын кардарлар базасына юридикалык жактардын маалыматтарын киргизген.
 
Мындан тышкары, Кыргызстандын эки жараны аталган юридикалык жактардын ишкердик иш-аракеттерин имитациялоо, ошондой эле «Халык Банкка» бул документтердин көчүрмөлөрүн берүү максатында Кыргызстандын аймагына алып келинди делген товарларга жасалма жүк бажы декларациясын даярдоону уюштурушкан. 
 
Ошол эле учурда алар мыйзамсыз иштери үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгүн түшүнүшүп, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгын башчысы Нурлан Казабековго акчалай сыйлык берүү менен анын колдоосун алууга макулдук алышкан. Казабеков акчаны эл аралык банктык которуулар системасын көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен болгон маселелерди чечүү, ошондой эле мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен коргоо үчүн алган.
 
Мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүүнүн натыйжасында «Халык банк» аркылуу компаниялардын эсебинен Кытайдагы чет элдик компаниялардын эсебине 697 миллион 591 миң доллар которулган.
 
Liu Liping Кылмыш жана жаза кодексинин 319-берененин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасаган деп айыпталган. Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Материалдык, ар кандай башка пайдаларды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында бир же бир нече кызмат адамдарынын жеке адамдар же топтор менен бийлик менен мыйзамсыз туруктуу байланышын түзүү, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга бул жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү, - коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч туудурган).
 
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кытайлык аял кызматташуу боюнча келишим түзгөн.
 
Отурумда мамлекеттик айыптоочу түзүлгөн кызматташуу келишимин колдоп, айыпталуучу кылмыштын бетин ачууда жана тергөөдө сотко чейинки өндүрүштө, кылмышка башка шериктештердин бетин ачууда жана жоопкерчиликке тартууда активдүү көмөк көрсөткөндүгүн сотко көрсөттү.
 
Айыпталуучунун жактоочусу ошондой эле айыпталуучу кызматташуу келишиминде көрсөтүлгөн бардык милдеттерди аткарганын айтып, ишти жалпы тартипте, атап айтканда алтынчы категориядагы айып салуу түрүндө кароону, андан соң кызматташуу келишиминде каралган жазаны колдонууну өтүндү. 
 
Судья кылмыш ишинин материалдарын иликтеп чыгып, айыпталуучу тарабынан кызматташуу келишиминде каралган бардык шарттар сакталганына ынанып, Кытай жаранына 2600 эсептик көрсөткүч же 260 000 сом айыппул салуу чечимин чыгарган.
 
Белгилей кетсек, азырынча Жогорку соттун сайтында Казабековго байланыштуу чечим чыга элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter