У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшү күтүлүүдө…


 Доллардын кымбатташынан улам күйүүчү майлар кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 2022-жылдын 9-мартында Биринчи радионун түз эфиринде Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов билдирди.
 
Ал Кыргыз Республикасына күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүү боюнча келишимдер доллар менен түзүлөөрүн эске салды. Доллардын курсунун ар бир 1 сомго кымбатташы 1 литр күйүүчү майдын 60 тыйынга кымбатташына алып келе турганын айтты.
 
«Бүгүнкү күндө доллар дээрлик 14 сомго өсүп, 98 сомду түздү. Бул күйүүчү майдын кымбатташына алып келиши мүмкүн», - деп кошумчалады ал.
 
К.Эшатов 2020-жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы токтой электигин билдирди. 
 
«1,5 жылдан бери ай сайын базарда баанын өсүшүн байкоого болот. Мурда мунайдын бир баррелинин баасы 40 долларга жетпесе, бүгүнкү күндө анын баасы 110 доллардан ашты. Бул бардык рекорддорду жаңырат. Мындай көрүнүш акыркы жолу 8 жыл мурун байкалган», - деди ал.
 
Ошондой эле ал, бүгүнкү күндө россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордо күйүүчү майларды дүңүнөн сатууда бааларынын жогорулашы байкалганын кошумчалады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter