У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ойлонбой жазылган токтом көп, аткарылбаганы боктон көп!


Сөөк коюуда мал сойбоо, ысырапкорчулук тууралуу…

Президент Садыр Жапаров той-ашта көп сандаган мал союлбасын деген өңүттө ысырапкорчулукту тыюуга байланышкан жарлык чыгарып, бул маселе коомдо бүгүнкү күнгө чейин кызуу талкууланып, ыктуу да, ыксыз да көз караштар айтылып жатат. Ырас, талаштан тактык жаралат. Коомдо ар түрдүү көз караштын, ой-пикирлердин айтылганы жакшы. Ансыз коомдун өнүгүшү кыйын.

Эми сөз башынан болсун. Президенттин жарлыгында (ортосунда токтом кылам деп жүрөт, токтом менен жарлыктын айырмасы жок аралашып калганбы) көп сандаган мал союлбасын деген сунуш айтылып жатат. Негизи 2ден ары көп катары саналат. Демек, бирди сойсо болот дегенге негиз бар. Бул кара малга (жылкы, уй) байланыштуу. Андыктан бир кара мал сойгонго уруксаат бериш керек. Таптакыр тыюу салууга болбойт. 

Тилекке каршы, кантип кошомат кылышты билбей турган "бөрк ал десе баш алган" жөндөмдүүлөр, президенттин жарлыгын канын жерге тамызбай илип кетишти. Мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касмамбетов: "Президенттин жарлыгы мыйзам эмес. Тыюу салган жок, элге сунуш кылды", - деп "Азия ньюс" гезитине берген маегинде айтты. Бирок жарлыктын түпкүлүгүндө тыйыш керек деген жыт уруп турганын баамдоо кыйын эмес. Андай жытты илгиртпей сезген Жогорку Кеңештин депутаттары сөөк коюуда мал союлбасын дегенге макул болбогондорду 100-150 миң сомго чейин айып пулга жыгууну көздөгөн мыйзам долбоорун кабыл алууга киришти. Керек болсо "көр казгандарга сый акы берилбесин" деген уникалдуу сунуш айткандар чыкты. Сый акы дегендин маанисин түшүнбөгөн соң, сунуш айтып айланамбы десең?

Айткандай, президенттин жарлыгында бир гана сөөк коюуда мал союлбасын эмес, үй-бүлөлүк салтанаттуу кечелер, мааракелер, тойлордогу ашыкча ысырапкорчулукту жөнгө салуу, тыюу боюнча да айтылат. Азыр бир гана сөөк коюуда мал союлбасын деген маселенин гана айланасында талкуу жүрүп жатат. Өкүнүчтүүсү, сөөк коюуда эле ысырапкорчулук болуп, эл жакырланып, мамлекет чыгым тартып жаткандай чуу түшүп жатабыз. Эгер, бир эле сөөк коюу зыйнатында колунда жоктор куру намыс кылып, байларга атаандашып насыя алып, мал союп карызга батып, теңсиздик орун алып жатса бир жөн эле. Алалы, жентек той, бешик той, тушоо той, сүннөт той, үйлөнүү той, анан 50, 60, 70, 80 маареке тойлор, азыркы кездеги классташтардын 10, 20 жылдык жолугушууга арналган салтанаттуу кечелери баарысы ысырапкорчулук. Андай болсо мына ушул жакшылыктарга дагы мал союлбасын деп чектеш керек болот. Кыз узатуу, куда тосуу деген бар. Ондогон мал союлат. Бүгүнкү күндө түштөнтүү деген чыккан. Демек, бир эле сөөк коюу зыйнатына мал союуну тыйбастан, болгон чыгым талап кылган үрп-адаттардын баарына мал сойдурбай ысырапкорчулук деп тыйганга туура келет. Андай болсо кыргыздын баалуулуктарына байланышкан каада-салт, үрп-адаттын баарын жокко чыгарып, эскиден калган ысырапкорчулук экен деп чанып, кыргыз болуудан калалыбы?.. Арийне, улутту жок кылуу каада-салтты жок кылуудан башталат. Биринчи кадам ташталып жатат… Себеби, той-аш аркылуу кыргыздын мамилеси, нарк-насили, карым-катышы жөнгө салынат. Бул салт тыйылса, кыргызды кыргыз кылып турган тамыр үзүлөт. Өзөккө доо кетет. 

Ошондуктан, бул жерде бир эле материалдык жагын карабай, каада-салт, үрп-адатка тескери таасирин тийгизип, улуттук баалуулуктарга, нарк-насилге доо кетирип, улуттун өзөгүнө, тамырына балта чаап албайбызбы деген жагдайды да кылдат анализге алыш керек. Башкача айтканда, таптакыр тыюу салууга ык койбой, ашыкча чыгымды чектөө, түшүндүрүү жолу аркылуу көйгөйдү чечүү жагын карашыбыз зарыл. Колунда жоктор башкаларга теӊелип, атаандашып, куру намыс кылып чыгымга батышын мен да каалабайм. Аларга аӊ-сезимдүүлүк менен мамилен жасоого чакырып, түшүндүрүү аркылуу гана көйгөйдү чечсе болот. Эл да түшүнөт. Колунда жокторду мал сойгон жок деп мазактап, шылдыӊга алган окуяны көрө элекмин. Мал союуну тыюудан мурун столдун белин ийилткен дастарконго түркүн салат, түрлүү таттууларды, жер-жемиштерди койгон көрүнүштү чектесе туура болот. 

Арийне, тыюу салуу нааразычылык жаратат. Тыюу салуу жең ичинен сүйлөшүп ишти бүтүрүүгө түртөт. Маселен, сөөктүн ээси: "Сойсом өз малымды союп жатам. Мамлекет жем-чөп сатып берип багыптырбы? Өз мээнетим, маңдай терим менен тапкан мал. Соёмбу, сатамбы, тескери айдап жиберемби өзүм билем. Жакшылык, жамандыкка жаратпаган малды багып эмне кылам? Алыс-жакындан келген куда-сөөк, дос-тамырды ачка жаткызмак белем! Алса айып пулун алаар", - деп 100 миң сом айып төлөп туруп, өчөшүп 10догон малды союп сөөктү узатам десе ким тоскоол боло алат? Бирөө бир нерсе десе, "айып пулуңду төлөдүмбү, эс алчы", - дейт да.
Ошондой эле, "бирөө жашырып кошунасына сойдуруп, мен союп жатам деп кой", -десе, кошунасына айып салабы? Ал айтат да: "Сөөк ээси мен эмес, мен өлгөнгө союп жаткан жокмун, эт жегим келди, өз малымды союп жесем болбойбу", - деп. Бул жагы кандай болот? Мал сойбостон базарга барып бир жылкынын этин сатып келсечи?

Баса, элибизде керээз деген бар. Атасы же апасы баласына: "Балам, мен өлгөндө бул малды жаназама, мунусун кыркылигиме, аркысын ашыма багыштап кан чыгарып куран окут. Арбагым ыраазы болсун. Өзүмдүн ак эмгегим менен тапкан ак малым", - деп керээз айтып табыштап кетсе, баласы аткарат да туурабы? Керээзди аткарбай койгон кыргыз баласы болбойт. Өлсө да аткарат. Анткени керээз – улуттун жазылбаган ыйык мыйзамы. Тыюу салганыңа, мыйзамыңа карабайт. Атасынын керээзин уккан бала: "Атамдын керээзин аткарам. Мойнума карыз болбой, өз малын өзүнө соём. Сообу тийип арбагы ыраазы болсун", - дейт. Эч бир бала акыретке кетип жаткан атасынын же энесинин керээзин угуп жатып, "керээзиңди аткара албайм, президент жарлык чыгарып, Жогорку Кеңеш мыйзам менен тыюу салып койгон. Эптеп кепиндеп көмсөм болду да", - деп айта албайт. Анткени илгертен сөөк узатуунун өз зыйнаты бар. Бул улуттук нарк-насил. Улутту улут катары сактап турган өзөктүү маселе. Кыргыз өлгөн иттин оозуна да сары май салып көмгөн. Адам деген ит эмес да.

Кыскасы, пейилди, ниетти оңдойлу. Мына ковид падемиясында эмне болдук? Кайтыш болгондорду ак кепиндеп аруу жууп көмгөнгө, жаназага туруп топурак салганга шарт болбой калды. Ушул жакшы көрүнүш бекен? Тойлор көбөйдү ысырапкорчулук деп ооз кесирлик кылып жатып, пенденин оозунда болсо, Жараткандын кулагында дегендей, ата-бала ал-абал сурашып катыша албай карантинде камалып жатышты. Элибизде пейили жаман, пейилиңден тап деген сөз бар. Пейилибизди тарытып жамандык тилеп, табаар пайдабыз кайсы?

Айтор, ысырапкорчулук десе эле, чү дегенде улуттун баалуулуктарынын пай дубалы саналган үрп-адат, каада-салтка жармашып калгандын өзү туура эмес. Башкача айтсам, үрп-адат, каада-салт, нарк-насилге байланышкан улуттук баалуулуктардын айынан ысырапкорчулук жаралып, эл жакырланып, мамлекет кризиске кептелип, өнүгүп-өсө албай жаткандай таасир жаратууга болгон аракеттин өзү чекилик. Үнөмдөөнү сөзсүз улуттун өзөгү катары бааланган салт-санааны күчтөп тыйгандан баштоо улутка болгон кыянаттык. Улуттун тамырына балта чапкандык. Элибиздин жашоосу оңолбой жатса, ал салт-санаада эмес, өлкөнү жеп-ичип, тоноп жаткан коррупционерлерде, иштин көзүн таппай жаткан башчыларда.

Ысырапкорчулук тууралуу айтсак, мыйзамга, логикага сыйгыс фактыларды мисалга тартсак болот. Мына, инстаграммдагы катталуучум 1миллионго жетти деп, аны эмгегинин ийгилиги катары баалап, жетине албай ырчы Самара Каримова ресторанда дүңгүрөткөн той берген эле.  Бул ысырапкорчулукка киреби? Же андай эмеспи? Бирөө 10 миң еврого куртка кийсе, ага атаандашып андан менин эмнем кем деп бирөө банктан насыя алып ошондой куртка кийди дейли, бул ысырапкорчулук болуп эсептелеби? Бир байдын баласы мектепте, же университетте 150 миң сомго Айфон 13 көтөрүп жүрөгүнүн көргөн колунда жок курбусу намыстанып насыяга ата-энесин кыйнап ошондой телефон алдырып алды дейли, ошондо бул жагы кандай болот? Бирөө 120 миң долларга тайота 300 машина алып минип жүрөт, бул кимдир бирөөнүн көзүнө көрүнүп коюну максат кылган ысырапкорчулукпу, же барчылыкты туйгузабы? Бирөө жегенге нан таппай жүрсө, кимдир бирөө үйүнөн же жөнөкөй ашканадан тамак ичкиси келбей кымбат ресторандан тамак ичсе ысырапкорчулук, көпкөндүк катары каралабы? Мына ушуларды ысырапкорчулук деп тыйганга мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес.

Ушул ысырапкорчулуктун дагы бир башка өӊүттөн карап көрөлү. Мына курман айтта миӊдеген мал союлат, Кудай жолуна соопчулук деп. Бул ысырапкорчулукпу же соопчулукпу? Эмнеге ошол малды тирүү эле колунда жокторго бөлүштүрүп берген сооп эмес? Сөзсүз союп 5 кг эт кылып бериш керекпи? Мына ушуну сойбой тирүү бергиле деп тыйса болбойбу? Эмнеге сөөк койгондо сообу тийсин деп мал союп, куран окутса болбойт да, курман айтта миӊдеп сойсо жараша берет?  Орозодо 10-12ден ооз бекитип мечитке беш маал каттагандар, молодолор күндө ооз ачырган үйлөрдөн кой жешет. Бул чыгымга киреби? Ошол койлорду чогултса ар бир айылда бир айда 40-50 кой болот, ошолорду колунда жокторго жылына 6-7 үй-бүлөөгө тирүү бөлүштүрүп берсе, 10 жылдын аралыгында эл жакырчылыктан чыгып кеткени турат.  Эмнеге мамлекет ушул жагдайга маани бербейт? Эмне үчүн 5-6 миӊ долларга 5-6 миӊ адам бери жагы 30 миллион доллар коротуп ажылыкка барып, эбегейсиз чыгымды араптардын өлкөсүнө таштап келет? Бул чыгым эмеспи? Дал ушул ажылык эбегейсиз каражаттын тышка чыгып кетишин шарттап, мамлекетке ири чыгым келтирип жатат. Исламда жол куруп, көпүрө салып, кембагалдарга жардам берсе эӊ чоӊ сооп болот. Мамлекет ажылыкка кетчү чыгымды өлкөдөгү кембагалдарга мал алып бердирип, жолго, көпүрө курууга үндөп, укпаса салт-санааны тыйгандай күчтөп мыйзам менен ишке ашырбайбы? Жок бул нерсе колдорунан келбейт. Коркушат. Анан сөзсүз эле улуттун каада-салтына байланышкан эзелтеден келе жаткан наркты күчтөп, зордоп мыйзам токуп тыйыш керек дешсе кыйын?..

Мыйзам менен тыюу салуу демекчи. Ошол кабыл алган мыйзам, президенттин жарлыгы, өкмөттүн токтому Конституцияга каршы келип, жарандардын укугун тебелеп, каада-салт, ишеним, ырым-жырым жөрөлгөсүнөн күчтөп баш тартууга мажбур кылбашы керек. Дегенибиз, Конституциянын 21-статьясында "Мамлекет адам укугун жана эркиндигин кемсинтпеген наркты, үрп- адаттарды жана салтты сактоо менен Кыргызстан элинин маданиятынын өнүгүүсүнө камкордук көрөт", - деп турат. 34-статьясында "Эч ким өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес", - деп айтылат. 41-статьясында "Ар бир адам экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган өз мүлкүн эркин колдонууга укуктуу", - деп жазылган. Демек, президенттин жарлыгы Конституцияга каршы келет. Жарандардын ишеним ынанымдары күчтөп тыйылып, мүлккө ээлик кылуу жана аны өзү каалагандай пайдалануу укугу бузулуп, тебеленип жатат. 

Эми эӊ негизиги бир кооптуу жагдайды айтайын. Мал союуну тыюу, ысырапкорчулукту токтотуу деген кооз сөздөр элге жагып жаткан менен түпкүлүгүндө мунун кесепеттери жаман. Анткени дал ушундай мыйзамсыз тыюу, күчтөп, зордоо аркылуу каалаганыбызды ишке ашырсак болот тура дегенге прецедент жаралат. Негиз түзүлөт. Мындан кийин жарандардын укугун тебелеп, чектеген дагы кандай тыюу салынат айтуу кыйын? Мына ошого жол чабылып жатат түшүнгөн адамга. 
Манаста жакшы айтылган сап бар: 
Кыныгын алса бул доӊуз,
Төрүӊө кудук казбайбы,
Төрт түлүгүӊ чачпайбы, 
Төбөӊө камчы чаппайбы!
Төшүӊө мөөрүн байспайбы … – деген…

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • lalala
  • 21-08-2023, 14:43
  • : 14:43
    • Нравится
    • 0
Les répliques de montres sont des montres fabriquées pour ressembler copie montre pas cher étroitement aux montres authentiques de marques de luxe. Elles sont souvent moins chères que les montres authentiques, ce qui les replique rolex rend plus accessibles  à un plus grand nombre de personnes. Voici quelques raisons pour lesquelles certaines personnes choisissent d'acheter des répliques de montres ,fausse montre Les montres de luxe authentiques peuvent coûter des milliers, voire des dizaines de milliers d'euros. Les répliques de montres offrent une alternative moins chère pour ceux qui replique Patek Philippe veulent le look et le style d'une montre de luxe sans payer le prix exorbitant.
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter