У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эдил Байсалов: Кыргызстан дагы 3000 жыл БУУнун мүчөсү болуп кала берет


     Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-2027-жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуунун алкактык программасынын бет ачарында сөз сүйлөп, Кыргызстандын БУУга мүчө болушунун 30 жылдыгына карата иш-чараны өткөрүүнүн маанисин белгиледи.
 
«Биздин өлкө 30 жылдан бери БУУга мүчө жана бул убакыт аралыгында биз жарандардын жаңы муунун өстүрдүк. Биз жаш, сыймыктанган жана алдыга ишеним менен караган республикабыз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашыгы 30 жашка чейинкилер. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн алгачкы 30 жылдык тажрыйбасын белгилеп, биздин эл өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, жакынкы 3000 жылда БУУга мүчө болуп кала берерин жарыялоого тийишпиз», - деди ал.
 
Эдил Байсалов жакынкы жылдарда Кыргыз Республикасындагы БУУнун агенттиктеринин ишинде ийкемдүүлүк жана республиканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо зарылдыгын белгиледи.
 
Бүгүн ЮНДАФтын стратегиялык координациялык комитети министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун бардык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүүдө.
 
Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен болгон жолугушууда: «Мен сапарымдын алдында президент Садыр Жапаров менен жолуктум. Ал Россия менен 200 жыл биргебиз жана дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз деп айтты. Биз чогуу болгонбуз, бирге болобуз, эч ойлонбойбуз», - деп билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter