У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


 Мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды. 
 
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо тарабынан демилгеленген.
 
Ага ылайык, мугалимдерге окуучулар менен ата-энелер жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, мазактаган учурлар болсо, жаза катары 2 же 3 миң сом айыппул салынат. Мындай жорук дагы бир ирет кайталанса чоңдорго 5 миң сом айыппул салынат же аларга карата 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга 4 миң сомдук айыппул салынат.
 
 
                                    Долбоор
 
«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
 
 
1-берене. 
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 
  1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 102-1-берене менен толукталсын: 
 
«102-1-берене. Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү
1. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда педагогикалык кызматкерге карата жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана телекоммуникациялар тармактарын пайдалануу менен, билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү, - 
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, он алты жаштан он сегиз жаш курагына чейинки жашы жете электер тарабынан жасалган аракеттер, - 
ата-энелерине же аларды алмаштыруучу адамдарга 20 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, административдик жаза чарасы салынгандан кийин бир жыл ичинде кайталап жасалган аракеттер, -
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, административдик жаза чарасы салынгандан кийин бир жыл ичинде кайталап жасалган аракеттер, - 
ата-энелерине же аларды алмаштыруучу адамдарга 40 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
 
  1. 456-беренеге «102» деген цифрадан кийин «102-1» деген цифра менен толукталсын. 
 
2-берене. 
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 
 
 
                                                                    Кыргыз Республикасынын Президенти 


Пикир калтыруу
Эн туура кабыл алынып жатыптыр,анткени мугалимдер жаман абалда калып жатышат,окуучулардан жаман соз угуп калуу деген эмне,озунчо эле кыйын болуп алышты,биздин укук бар деп,а милдети жонундо 1соз айтышпайт,сабак окубаганы учун ,тарбиясы жаман болгон учун байкуш мугалим тарбияга салайын деп урушат,эч качан жон урушпайт
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter