У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте көрүстөндөрдөгү орундарды алдын ала сатып алуу мыйзамдаштырылат


 Бишкекте маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча агенттиги көрүстөндөрдөгү жерлерди алдын ала сатып алууну мыйзамдаштырууну пландоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеӊешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясында сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Уланбек Дүйшөнов билдирди.
 
Анын айтымында, алар 2021-жылдын декабрь айынан тарта ченемдик-укуктук документтерди инвентаризациялап жатышат. Аны 10 күндүн ичинде бүтүрүү пландалып, андан кийин Бишкек шаардык кеңештин кароосуна коюлат.
 
«Жерди мыйзамдык жактан бекитүү» пунктун киргизип жатабыз. Бирок жакын туугандарга гана жер берилет. Балким, күбөлүк берилет. Алар жерге акча төлөшсүн, анткени жерди ансыз да сатып алышат да. Анын үстүнө адамдык факторду да эске алуу керек. Аял күйөөсүнүн жанына коюлушу керек», - деди ал.
 
Уланбек Дүйшөнов белгилегендей, учурда сатып алып коюуга катуу тыюу салынып, жер берилбей жатат. Ал кызматка келгенге чейин мындай учурлар болгон да.
 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө маркумду акыркы сапарга узатуу 20 миң сомду түзөт. Ага көр казуу, транспорт, гүлчамбарлар жана башка кызматтар кирет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter