У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров оң рулдуу унааларды каттоого уруксат берүүгө каршы экенин айтты


 Оӊ рулдуу унааларды каттоого каршымын. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 
 
Анын айтымында, министрлер кабинети салык ишинде Түркиянын тажрыйбасын карап чыгууну пландаштырууда. Буга унаалар да кирет. Кубаттуулугу чоң унаалар үчүн Түркияда 10 миң доллар салык бар.
 
 «Салыкты көп төлөгөн унаалардын түрүнө «Lexus LX570», «Геледваген» унаалары кирет. Түркияда кымбат машина айдагыӊ келсе, салык төлөйсүӊ»,-деди ал.
 
Кыргызстанда жаӊы унаалар дээрлик жок экенин, беш жылдык 5,8 миӊ гана унаа бар экенин кошумчалады.
 
«Бирок биз аларга дагы салык салабыз. Өлкөдө 15 жылдан ашкан 1,1 миллион унаа бар. Биз дүйнөнүн бардык булуӊ-бурчундагы бардык артта калган техниканы чогулта алдык. Эми оң рулдуу унааларды киргизүүгө да уруксат берсек, Орусияда, Белорусияда, Казакстанда тыюу салынган нерселер бизге шашат. Азыр биз унааларды электр  унааларына алмаштыруу боюнча программанын үстүндө иштеп жатабыз», - дейт Акылбек Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter