У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 40 миллиард сом бөлүнөт


 2022-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 39 миллиард 528,2 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн бекитилген бюджетинде айтылат.
 
Анын 26 миллиард 681,5 миллиону тышкы карызды төлөөгө, калганы ички карызды жабууга которулат.
 
Ачык маалыматтардын негизинде (2005-жылдан бери) бул жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө рекорддук сумма бөлүнөт деп айтууга болот.
 
Белгилей кетсек, 2020-жылы аны кармоого 30,7 миллиард сом жумшалган. Өткөн жылы дээрлик 37,3 миллиард төлөп берүү пландалып, бирок пандемияга байланыштуу бир жылга узартылган. Маалым болгондой, январь айынан ноябрь айына чейин мамлекеттик карызды төлөөгө 28,2 миллиард сом бөлүнгөн.
 
2021-жылдын октябрынын аягында мамлекеттик карыз дээрлик 4,9 миллиард долларды түздү, анын 720 миллион доллары ички карыз. Акыркы жылдары төлөмдөр өсүүдө, мисалы, 2012-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 12 миллиард сомго жетпеген каражат бөлүнгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter