У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 9 миллиард куб метрден төмөн түштү


  2022-жылдын 2-февралына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 8 миллиард 995,04 миллион кубометрди түздү. Маалыматты «Электр станциялары» ААК билдирди.
 
Ал эми акыркы үч айда бул көрсөткүч 2 миллиард 925,46 миллион кубометрге, 2021-жылдын февраль айына салыштырмалуу 1 миллиард 670,06 миллион кубометрге азайган. Былтыр бул күнү Токтогулкада 10,6 миллиард метр куб суу болгон.
 
Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып чыгышы секундуна 503 метр кубду, агып кириши 152 метр кубду түзүүдө.
 
Быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter