У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карызы калыңдаган Кыргызстан

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2018-жылдын жыйынтыгы менен алганда 4,4 млрд. долларды түзгөнүн айтты. Анын 85,7 пайызы тышкы карыз болсо, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат. Ошондой эле мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жыл ичинде 23,7 млрд. сом жумшалган.
Карыздарды тейлөөгө жумшалган каражаттын 7,1 миллиард сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 миллиард сому негизги карызды төлөөгө сарпталган. Министр айым мындан сырткары инвестиция туурасында да кеп козгоп: «Өткөн жылы мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча түшкөн каражат 19,6 пайызды түзүп, план 75,8 пайызга гана аткарылды. Анын ичинде гранттар – 5,7 млрд. сом, насыялар – 9,2 млрд. сом» - деп билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter