У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камалды


 Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу 23-январда жактоочу Нурбек Токтакунов  маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Жактоочунун айтканына караганда, Болот Назаров милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 
 
Эске салсак, төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. Аны маӊзат колдонууга карата айыптап жатат. Ал эми жактоочу Токтакунов Болот Темировго да, Болот Назаровго да баӊгизатын атайылап салып коюшканын айтууда.
 
Социалдык тармактарда Болот Назаровдун кармалуусунун эки ай мурда "Ютуб" каналына жарыяланган "Эки дос", "Камчыке кара калкыңды" деген чыгармалары себеп болгонун айтышууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter