У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарында аялын сабаган эркек асынып алган жеринен табылды


Нарын облусунун Жумгал районунда үйүнүн сарайында асынып алган адам табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Маалым болгондой, окуя 14-январда болгон. Маркум 26 жашта болгон.
 
Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө маркумдун денесинен зордук-зомбулук менен өлүмдүн издери табылган эмес. Туугандары эч кимге дооматы жок экенин айтышкан. Факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
 
Ошол эле маалда ЖМКлар маркумдун жубайынын жакындарына шилтеме жасап, каргашалуу окуядан бир күн мурун эркек аялы менен уруша кетип, анын кесепетинен аял ооруканага түшкөнүн жазып чыгышкан. Милиция кызматкерлери медициналык мекемеге келгенде, ал күйөөсү ур-токмокко алганын айткан.
 
Маркумдун жубайынын жакындары аны жоопкерчиликтен коркуп, асынып алышы мүмкүн экенин айтышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter