У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров мыкты чабуулчу деп табылды- видео


Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
 
Беттештердин жыйынтыгында искусство жана маданият өкүлдөрүнүнөн түзүлгөн “Өнөр” командасы кубоктун ээлери болушту. Чечүүчү жолугушууда алар «Алга» командасын 2:0 эсебинде утушту.  Коло медаль президенттик администрациясынын командасына тийди.  
 
Сыйлыктарды тапшыруу аземинде команданын мыкты жетекчиси деп Борис Подкорытов («Алга») табылды. Эң кооз гол Канат Шабданбаевге (спорт федерацияларынын командасы) ыйгарылды. Камчы Сарыбаева («Өнөр») мыкты дарбазачы, Каныбек Сейталиев («Алга») турнирдин мыкты оюнчусу деп табылды. Турнирдин эң мыкты чабуулчу Садыр Жапаров болду. Ал президенттик администрациянын командасында ойноп, атаандаштарынын дарбазасына тогуз гол киргизген.
 
]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter