У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


КТРКга жаӊы жетекчи келди


Бахтияр Алиев КТРКнын башкы директорлугунан кетти, анын ордуна директордун милдеттин аткаруучу болуп мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев дайындалды. Бул тууралуу телерадиокорпорациянын байкоочу кеңешинин мүчөлөрү маалымдады.
 
Маалыматка ылайык, Байкоочу кеӊеш Бактияр Алиевдин арызын карап чыгып, анын отставкасын кабыл алган. Анын ордуна бул кызматка мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев сунушталган. Ал көп жылдар бою КТРКнын түзүмүндө иштеген. Азыр ал корпорациянын башкы директорунун милдетин аткарып жатат. Анын кызматка бекитилиши Байкоочу кеңештин кийинки жыйынында чечилет.
 
Белгиленгендей, Бахтияр Алиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter