У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатууну сунуштаган эмес


Тажикстан тарабынан Кыргызстанга электр энегриясын сатып алуу тууралуу эч кандай сунуштар жөнөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги билдирген. 
 
Ошол эле учурда, «Барки Тажик» ААКнын төрагасына өткөн жуманын ортосунда Кыргызстандын «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиевден расмий кат жөнөтүлгөн. Анда суунун аздыгына байланыштуу өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар экени айтылган. Ошондуктан тажик тарапка 2021 -жылдын октябрынан тартып Кыргызстанга электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган.
 
Бул катта ошондой эле энергетика жана өнөр жай министринин орун басары баштаган кыргыз делегациясынын бул маселени талкуулоо үчүн Дүйшөмбү шаарына баруу ниети жөнүндө маалымдалган.
 
«2021 -жылдын 2 -октябрында Кыргыз Республикасынын делегациясы Дүйшөмбүгө келип, «Барки Тажик» ААКнын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында кыргыз тараптын электр энергиясын берүү боюнча кайрылуусу каралды. Эми бул сунуш тажик тарапта каралууда», - деп айтылат билдирүүдө.
 
Эске салсак, өткөн жуманын аягында энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1 -октябрдан тарта Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштаганын айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter