У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ишмердүүлүгү үлгү болчу Бакыт Төрөбаев!..


Эгемендүү мамлекет болгонубузга туура 30 жыл толду. Бул аралыкта элибиз оош-кыйыш көп окуяны баштан кечирди. Калкыбыз саясатташып бүттү. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин куру дымактуу популисттерди ээрчип жаңылышып, чыныгы лидерге муктаж болуп келе жатат. Албетте, уюткулуу журт болгон соң уучубуз кур эмес. Болгону куру убада, кургак сөзгө ишенбей, терең анализ жүргүзүп, элдин, мамлекеттин жүгүн тарта турган лидерлерди алдыга сүрөй турчу мезгил келди. 

Лидер – деген мекенчил, терең билимдүү, интеллектуалдык деңгээли бийик, дүйнөлүк процесстерди талдай алган кыраакы дипломат, чечкиндүү болушу милдет. Мындай сапат кыргыз саясатчыларынын кимисинде бар? Санай келсең беш манжаң жумулбай калат. Бизде мына ошондой жол баштоочу саналуу лидер саясатчылардын катарын Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев толуктайт десек жарашат. 

Убадага так, популист эмес...

Дегенибиз, Төрөбаев Бакыт Эргешович акыркы 10 жыл аралыгында салмактуу саясатчы катары бышып, жетилди. Саясатка аралашканы ишине так, сөзүнө бекемдиги менен таанылды. Буга “Өнүгүү-Прогерсс” партиясынын лидери катары жүргүзгөн ишмердүүлүгү далил десек аша чапкандык болбойт. Уюштуруу жөндөмдүүлүгү жогору, экономиканы мыкты түшүнгөн өндүрүшчү, иштин багытын туура нукта жүргүзө алган менеджерлик сапатка ээ. Куру сөздөн алыс. Демилгелүү. 

Ошол себептен, Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги менен “Өнүгүү-Прогерсс” партиясы бүгүнкү күндө 17 шаарда жергиликтүү кеңештерде өз фракциясы бар, туруктуу электоратка ээ боло алды. Элге берген убадаларын аткаруу жагынан Жогорку Кеңештеги фракциялардын ичинен биринчи орунду ээледи. Мындай ишенимди жаратуу оңой-олтоң иш эмес. Төрөбаевдин демилгеси менен экономикалык, маданий, спроттук, социалдык багыттагы 1287 иш-чара өткөрүлгөн. Сөзүбүз куру болбос үчүн, негизи орчундуу жагдайларга токтолуп өтпөсөк болбойт. 

Эмне иш жасады?..

Ырасында, Төрөбаев көрсөткөн иштин натыйжасы кайсы дегенде, уялбастан ишенимдүү сөз кыла алчу долбоорлор арбын. Алсак, айыл чарбасын өнүктүрүү, дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетүү багытында МТС долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды. Бүгүнкү күндө, 2015-жылдан бери 115 МТС ачылып иштеп жатат. Бул иш, азыр да мамлекеттик жана муниципиалдык деңгээлде улантылып жатат. Лизингке техника алууда 9%дык үстөк 6%га түшүрүлдү. 2016-2019-жылы 800 техника алынып келинди. Техникалардын жетишсиздиги региондордо толук кандуу жоюлду. 200 миңден ашуун дыйканга жардам көрсөтүлдү.

Дал ушул айыл чарбасын жогорку деӊгээлге чыгаруу багытында Төрөбаевдин аракетинин аркасында миллиондон ашык гектар сугат жерлерин сактап калуу үчүн Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Ирригацияга дагы өзгөчө маани берилип, өзү жеке каржылап Ак-Талаа, Кочкор, Баткен аймактарында 6 миӊ километрден ашык суу каналын каздырып тазалатып, 20 миӊ гектарга жакын жер сугат суусу менен камсыз болду. Мындан сырткары, ветврачтардын статусу көтөрүлүп, айылдарда малды дарылоодо жетишпей келген адис ветврачтардын саны республика боюнча 1500дөн 3 миңге чейин өстү. 

Шаарыбыздын инфрастурктурасын жакшыртуу, көчөлөрдө жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда жарандарыбыз өздөрүн  коопсуз сезишин камсыз кылуу багытында “Жарык шаар” долбоорун ишке ашырды. Бишкек шаардын өзүндө эле 2026 подьездге прожекторлор орнотулду. Бул дегендик 200 000 адам жарык менен камсыз болду дегенди билдирет. Учурда бул долбоор өлкөнүн 14 шаарын камтып, “Жарык өлкө” деген мамлекеттик программага айланды. 

Төрөбаев дени сак улут, ден сак өлкө деген ураанды бек тутканын иш жүзүндө айгинеледи! “Өз жүрөгүңдү сакта” долбоору  аркылуу тажырыйбалуу врачтардан турган көчмө топ түзүп, 60 аймактын 35 миңден ашык жарандарыбыздын саламаттыгын текшерүүдөн өткөрттү. Бул жакшы саамалык “Ден соолук кербени” деген мамлекеттик долбоорго айланды. Өлкө боюнча 35 оорукананын бирден палатасы заманбап үлгүдө жасалып, республика боюнча бейтаптарга 137 орун түзүлүп, 8 453  адам дарыланган. Мындай эл алкышына арзыган иштерди, кайсы бир саясатчынын ишке ашырганын көрө да, уга да элекпиз. 



Экономиканы терең түшүнгөн менеджер...

Бакыт Төрөбаевдин өзгөчө бир артыкчылыгы экономиканы тереӊ түшүнгөн, максатты туура коё алган менеджерлиги десек болот. Буга анын экономиканы көтөрүү, калктын социалдык турмуш шартын жакшыртуу багытында бир топ алгылыктуу ири долбоолорду натыйжалуу ишке ашырганы айкын мисал боло алат. 

Алсак, өндүрүштү көтөрүү жаатындагы 61 аталышындагы долбоору мыкты иштеп жатат. Бул – өндүрүштүк ишканалардын санын  61ге жеткирүү дегенди туюнтат. Жылына жаңы ишкана, жаңы жумуш орун түзүү, миграциянын агымын азайтуучу фактор. Бүгүнкү күндө ташты кайра иштетүүчү завод, кирпич завод, тоок фабрикасы, бут кийим чыгаруучу фабрика, сүт фермасы, ун завод (Ош, Жалал-Абад), курулуш материал чыгаруучу завод өлкө экономикасына эбегейсиз салым кошууда... Дээрлик 33 ишкана ачылып, 3000 ден ашык жумуш орун камсыз болгон.   

Бизде көтөргөн демилгесин көшөрүп аягына чыгарган мыкты сапатка ээ саясатчылар жокко эсе. Бул жагынан  Төрөбаевдин жетекчилиги астында коммерциялык багыттагы кызмат көрсөткөн оң рулдуу унаалардын колдонуу мөөнөтү узартылып, 25 миң жумуш орундун сакталышы, жөлөк пул алууда пенсиянын киреше  булагынан   чыгарылышы, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында эреже бузуунун 8 беренеси боюнча айып пулдардын төмөндөтүлүшү сыяктуу алгылыктуу иштер, билгенге калктын социалдык жашоо-турмушуна оӊ таасирин тийгизе турган эбегейсиз чоӊ жумуш аткарылганын көрсөтөт.

Мекенчил…

Муну анын эл үчүн жасаган ар бир иши тастыктап турат. Дагы да далил келтире турган болсок, карапайым калктын жеңилин жерден, оорун колдон алган иштери көп. 

Бүгүнкү күндө таза суу маселеси Кыргызстандагы курч көйгөйлөрдүн бири. Бул көйгөй да Төрөбаевдин көңүл сыртында калган эмес. Жеке каржылоосунун негизинде бир канча айылдын таза суу маселеси чечилген. Алсак, Талас облусунун Үч-Эмчек айылында, Чүй облусунун Москва районунун Ак-Башат айылында, Баткен облусунун Кадам-Жай районунда таза суу чыгарылган.

Мына азыркы кезде чек аранын бекемдиги маанилүү факторлордон экени талашсыз чындык. Бул жагынан алганда да Бакыт Төрөбаев мекенчилдиги менен башка саясатчылардан айырмаланып турат. 

Мисал катары айтсак, өз каражатына Жалал-Абад облусунун, Ноокен районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагына күзөт мунарасын орнотуп, элибиздин коопсуздугун сактоого чоӊ салымын кошту. Натыйжада, мал уурулук токтоп, чек арадагы элдин тынч, коопсуз жашоосуна шарт түзүлдү. Дал ушул өлкө коопсуздугуна байланышкан чек ара маселесин комплекстүү чечүүгө арналган чек арада жашаган элдин статусун көтөрүү, жеӊилдетилген шарттарды түзүү багытында мыйзам долбоору да Бакыт Эргешов тарабынан демилгеленген. 
Көрсө, элим деп чын жүрөгүнөн күйгөн инсандар гана маанилүү, үлгү болгон керектүү иштерди жасагандан чарчабайт тура. Дал ушул критерийден алып карасак, унчукпай эле жаратмандык менен алектенгенди, жасаган иши жок, кооз сүйлөгөн популист саясатчылар Төрөбаевден намыстанбай эле үйрөнүшсө жарашат. 

Булак: "Азия ньюс" Сурат Жылкычиев


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter