У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Электр энегриясын үндөмдөйбүз. Эми көчө жарыктары өчүрүлөт

 
«Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Замирбек Ходжомамбетовдун буйругу менен Бишкекте көрнөк-жарнактар, түнкү жарыктар, дүкөн, кафе, ресторандардын жарнактарынын жарыктары өчүрүлөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
 
Тыюу кафелерге, ресторандарга, мончолорго, сауналарга, парктарга, дүкөндөргө тиешелүү экени белгиленген. Мындай чечим «Токтогул» суу сактагычындагы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана келерки күз-кыш мезгилинде энергияны үнөмдөө максатында кабыл алынды.
 
Бардык бөлүштүрүүчү компанияларга республиканын бардык аймактарында кечинде жана эртең менен рейддерди өткөрүү зарылдыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. Мындай билдирүү «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр» жана «Жалалабатэлектр» мекемелерине берилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter