У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болот. Сотко Атамбаев катышат


Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болот. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө.   Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Урматтуу коллегалар!
 Бүгүн, 13-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болмокчу. Судья Азирет Медеровдун чечими менен дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Отурумга экс-президент Алмазбек Атамбаев алынып келинет. Жыйын жарандар жана ЖМК өкүлдөрү үчүн ачык. Убакыты: 14.00»,-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter