У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кечээ Рыскелди Момбековго кол салуу болду


Кечээ Момбеков таксистти сабабай эле, Момбековго кол салуу болгон...
 
Азыр маалымат каражаттары Момбеков таксистти сабаптыр деген жалган чагымчыл маалымат таратып жатышат. 
 
Мына ушул таксист болуп көрүнүп турабы? Момбековго өзүн "Петровский шпана" атаган неме кол салган. Момбеков жан сакчысы жок эле машинаны өзү айдап жүргөн.
 
Шайлоо күнү белгиленгенден тартып эртелеп чагымчыл куйтулук, заказной ич күйдүлүк башталды. Чындыгында Момбековго кол салуу болгон. 
 
Атайын артынан кууп келип, Чүй-Манас көчөсүнөн алдын тороп токтотуп, кол салган. Ошол жердеги Коопсуз шаардын жол кесилишиндеги камераларды, ООН, "Демир банк", "Народный" имаратынын камераларын укук коргоо органдары караса эле, (атайлап жок кылышпаса эле) кимге кимдин кол салганы чыгат. Анан кайра Чүй-Тоголок Молдо көчөсүнөн токтотуп кайрадан провокация кылган. Анан ИИМден МАИ кызматкерлери келип салып кеткен. Ошол МАИ кызматкерлери деле билет да. Өздөрү салып кетип жакшынакай, ошолор да көрсөтмө берсин. Айтсын чындыкты. Бул боюнча видеорегистратордо "шпана" кайсы жактан баштап артынан ээрчип, кууп келгени жазылган видео материал факты менен чыгат. 
 
Бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар экенин кашкайып көрүнүп турат. Милицияга барган соң, Момбеков сабады деп арыз жазып жатат. Анан аны дароо "Акипресс" баштаган маалымат каражаттары суусун кургатпай "Момбеков таксистти сабаптыр" деп чуулдатып жазып чыгышты. Сыягы шайлоо алдында Момбековдун кадырын кетирүү, эптеп шылтоо таап кылмыш ишин козготу аракети жыттанып турат.
 
Бул боюнча Момбековго байланышканыбызда ал баардык видео материалды факты, далил менен маалымат каражаттарына чыгара турганын билдирди.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter