У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ири суммадагы акча алып из жашырып жүргөн жаран кармалды


 Ошто адамдардын ишенимине кирип, ири суммадагы акчаларды алып из жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, криминалдык милиция кызматкерлери Ош шаарынын жашоочуларынан ири суммадагы акча алып, аны кайтарбай жашынып жүргөн 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну М.А.ны кармашкан.
 
Ал өзүн Ош шаарындагы «Алтын-Темир» жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчисимин деп (текшерүүдө мындай коом таптакыр жок болуп чыккан) тааныштырган. Ош шаарынын жашоочуларынан жана жарандарынан ири суммадагы акча каражатын (доллар менен) алып, аларга ай сайын негизги суммадан сырткары дагы үстөк төлөп берүүнү убадалаган. Бирок ал алган акчаларын кайтарбай, из жашырып жүргөн.
 
Бүгүнкү күндө Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө бул келиндин үстүнөн 2 арыз келип түштү. Шектүү арыз берүүчүлөрдүн биринен 30 миң доллар, экинчисинен 39 миң доллар карыз алган. Мындан сырткары жакындарынан да ушундай суммадагы акчаларды алган. Алар арыз жазуудан баш тарттышты. Шектүү акчаларды алгандан кийин дайынын билдирбей кеткен. Жазуу жүзүндөгү арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине ылайык ("Алдамчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды",-деп айтылат билдирүүдө.
 
Шектүү 28 -августта убактылуу кармоочу жайга киргизген. Ош шаардык соту аны 28 -сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
 
«Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А. жабырлануучулардан алынган каражатты конкреттүү бир адамдын атына «Кыргыз-Каганат» ишканасына которгонун айткан. Бирок текшерүү учурунда аталган ишкана менен аты аталган адамдын жок экени белгилүү болду. Шектүү М.А тергөөдө жалган көрсөтмө бергени үчүн КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 344 -беренесинин негизинде жалган көрсөтмө берүү фактысы боюнча кошумча иликтөө жүргүзүлөт», - деп билдиришти милициядан.
 
Аталган аялдан жабыркагандар болсо, 0552-15-25-42, 03222-6-64-04 номурлары аркылуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылса болот.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter