У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстанда алып баруучу түз эфир учурунда эсин жоготту-видео

 
 Социалдык тармактарда Өзбекстандын «Жаштар» («Yoshlar») телеканалынын алып баруучусу Захрохон Киличеванын түз эфир учурунда эсин жоготкон видеосу тарады.
 
Кийинчерээк телеканалдын администрациясы бул тууралуу маалымат берди.
 
«Чынында, түз эфир учурунда алып баруучу өзүн жаман сезген. Бирок ал буга көӊүл бурбай, өзүнүн кызматтык милдеттин аягына чейин аткарууга аракет кылган. Натыйжада чыгармачыл топ эфирди токтотууга аргасыз болгон. Захро Киличевага дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн», - деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.
 
Белгиленгендей, учурда теле алып баруучунун абалы канааттандырарлык, ден соолугуна олуттуу коркунуч жок.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter