У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Парламенттик шайлоого катышууну каалаган жети партия БШКга арыз берди


БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөрдү кабыл алууну улантууда.
 
Парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн жети партия Боршайкомго арыз берди.
 
«Социал -демократтар» партиясы,
"Улуттар Биримдиги" Элдик партиясы,
«Ишеним» партиясы,
"Альянс",
«Кыргызстан Жашылдар партиясы,
"Жаратман Эл" партиясы,
"Кыргызстандын биримдик патриоттук партиясы".
 
БШК эске салат: календардык планга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин беш күндүн ичинде жарышка катышуу ниетин билдирген саясий партиялар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүшү керек. 
 
Ага саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен кол коюлуп, мөөр басылышы керек. Жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүнүн акыркы күнү 3 -сентябрь саат 18: 00.
 
Бир мандаттуу талапкерлер 6-сентябрдан баштап шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөрдү тапшыра алышат.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter