У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москва Бишкекке кысымын күчөттү…

 
Стратегиялык өнөктөш катары санаган Россия Кыргызстанга болгон мамилесин кескин өзгөрттү. Сооронбай Жээнбековдун учурунда солгундап кеткен мамиле, Октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен бир кыйла тереңдеп кетти. 
 
Өзгөчө акыркы учурда Россиянын Кыргызстанга карата басым-кысымды күчөткөнү ачык байкалды. Бул жагдайды Кыргызстандын ичинде орун алган майда-барат окуяларга Кремль тарабынан белгилүү саясий ишмерлердин «оозу аркылуу» саясий боёк сүртүлгөн билдирүүлөрдүн байма-бай айтылып жатышынан баамдоого болот.  
 
Мына Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн эсептегич менен уруп жиберген Али Алимбаевдин эмоцияга алдырган тентектик окуясы, Россиянын беделдүү саясатчылары, Мамлекеттик думанын төрагасы, депутаттары тарабынан орус улутуна карата жасалып жаткан зомбулук катары сыпатталып, Кыргызстандын бийлигине сөөмөй кезеген кекетүүгө чейин жетти. 
 
ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Россиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну, Кыргызстан менен экономикалык байланышты үзүүнү, кыргызстандык эмгек мигранттарды мекенине кайтарууну талап кылып, ал түгүл Кыргызстандын элчилигинин алдында митинг да уюштурду. 


Албетте, бул Жириновскийдин катардагы көндүм «жиндилиги» эмес. Бул Жириновскийдин оозу менен айтылган Крмелдин биздин бийликке болгон коңгуроосу. Түз айтканда «Садыр Жапаров менен иштешпейбиз» деген эле билдирүүсү. Россиянын Жапаровго ишеним артпай турганын каңкуулган мындай басымы –  Жириновскийдин оозу аркылуу эле айтылып токтоп калса бир жөн эле. Тилекке каршы, Россия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы, Россиянын беделдүү саясий ишмерлери, Мамлекеттик думанын төрагасына чейин чуу салып жатканы, мамлекеттик деңгээлдеги биздин бийликке карата терс маанайды чагылдырып турат.  

Аталган окуяларга байланыштуу белгилүү, беделдүү саясатчы Сергей Миронов визалык режим киргизүү тууралуу пикирин соцтармакка жазды. Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы болсо орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Россияга киргизбей коюуну сунуштады. Ал бул боюнча: «Бул биринчи жолу болгон жок. Орус тили Кыргызстанда расмий макамы бар жана ал нерсе Конституцияда бекитилгенин эске алганда мындай окуяга жол берилбеши керек», - деп белгилеген. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго окуяны жеке көзөмөлүнө алуусуна байланышкан кайрылуу жөнөтүүнү тармактык комитетке тапшырган. 
 
Мындай ишараттан соң, Россиянын Ички иштер министрлиги Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде иштеген кызматкер кызды эсептегич менен уруп жиберген Али Алимбаевди 10 жылга чейин Россияга кирүүгө тыюу салды. 
 
Ал эми Росссия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы Кыргызстандагы орус тилдүү жарандарды коргоо чараларын күчөтүү керек деген билдирүүдө: «Комиссия мүчөлөрү Кыргызстанда биздин мекендештерге карата орой мамиле көбөйүп бара жатканына өтө тынчсызданат. Ал көрүнүштөрдүн түбүндө орус тилинде сүйлөгөн адамдарды тил жана улутуна карап кемсинтүү аракети жатат. Улуту башка жана православ дининде болгону үчүн орус баланы ур-токмокко алган окуя, жакында эле Бишкекте болгон кардардын орусча сүйлөгөн кызга кол көтөргөнү — кооптондура турган жагдай», — деп, ачык эле көзүңөрдү ачкыла дегенди айтты. 

Буга дейре, июль айынын ортосунда Ысык-Көлдө дзюдо боюнча машыгуу учурунда 9 жашар орус баланын теңтуштары менен мушташкан окуяга байланыштуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги чара көрүүнү талап кылган жайы бар. Бул окуяга Орус православ чиркөөсүнүн епискобу Патриарх Кирилл да кайрылып: "Спорттук машыгуу лагеринде сизге болгон чоң коркунучту  билдим. Сиз өзүңүздүн теңтуштарыңыздын шылдыңдоосунан жана коркутуусунан коркпой, чечкиндүү түрдө өзүңүздү коргоп калдыңыз. Ишеним, сиз үчүн кымбат жана баалуу нерсени коргоду. Сиздин кайраттуулугуңуз жана бекемдигиңиз колдоого татыктуу”, - деген кат жолдоп, жаш балдардын ич ара келишпестигин диний, улут аралык чоң кастык болгондой деңгээлге көтөрүп, бул маселе көңүл сыртында калбай турганын божурап, көңүл айткан кат жолдоп жиберген эле.  
 
Өкүнүчтүүсү, буга чейин Крмель тарабынан жасалып келген басым – мигиранттарды кысымга алуу, алрдын Кыргызстанга которгон акчасына чектөө киргизүү, бензиндин баасын көтөрүү сыяктуу экономикалык маанайда жүргүзүлүп келсе, мындай тил, улут, дин маселесине байланышкан ар кыл өңүттөгү үстөккө-босток жасалган чабуул мынчалык апогейине жете элек болчу. 

Айткандай жакында эле 2-августта мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга келип, “Кумтөрдүн” ашмалтайын чыгарган, камала турган неме, бир жума айылчылап «мен аппапак» дегенди айтып, бийликти келекке кылып  баса берди. Белгилеп кетчү жагдай, Кыргызстанга келүүсү Россиянын жетекчилиги менен макулдашылганын баса белгилеп айтканы болду. Бул сөзү аркылуу жеке коопсуздугуна кепилдик берилгенин, “менин артымда Россия турат” дегенди кыйытты. Ошол себептенби, Акаевге издөө жарыяладык деп шаңыраңдагандар анын кыгына куурай сая алышпай ооздорун ачып кала беришти. 

Негизи эле Россия Кыргызстанга болгон салкын мамилесин Садыр Жапаров бийликтин эки тизгин бир чылбыры колго алганда эле көргөзгөн. Башкача айтканда, Садыр Жапаров 24-25-февралда Россияга иш сапары менен барып Россия президенти Владимир Путинге жолукканда эле байкалган. Садыр Жапаровду тосуп алуу, Путин менен жолукканда мамлекеттик атрибуттардын (желек) жоктугу. Владимир Путин бир губерниясынын жектекчисинин отчётун угуп жаткандай кабыл алуу, Кыргызстанга келген соң өзү каршы болуп жүргөн «Жерүй» алтын кенин жергиликтүү элдин каршылыгына карабастан Путиндин онлайн катышуусунда ачып бергени көп нерседен кабар берген.
 
Россиянын Садыр Жапаровго ишеним артпай турганы, кызматташууну каалабастыгы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салууда Кремлдин Тажикстан тарапты колдогон маанайдагы мамилесинен да көрүндү десек болот. Мына ушул Тажикстандын 40га жакын жарандарыбызды атып өлтүрүшкөн агрессиясына байланыштуу жумурай журт Душанбеге Эмомали Рахмонго жолугушууга барба деп какшаганына карабай, Россиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак 21-июнда Бишкекке келип кеткен соң, улуттун, мамлекеттин намысын тебелеп туруп 28-июнда  Душанбеге жетип барышы, баштан сылаганга караганда, кекиртектен алган кол катуурак экенин айгинелеген.

Эң эле өкүнүчтүүсү, Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти катары, Россия тараптан мамлекеттин ички ишине мурдун тыгып, кожоюндук каада көрсөткөн билдирүүлөргө карата калп да болсо «Кыргызстандын ички ишине аралашпагыла» деген өңдүү сес көрткөнгө жарабады. Унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур позициясын карманып, «коңулда коңурук» тартууда. 

Кыскасы, Россия Кыргызстанга мамилесин өзгөрткөнү бийлик башындагы Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштуу десек жарашат. Кадыр-барк, аброй жок жерде, сый-урмат болбой тургандыгы көрүнүп жатат. Сөздүн ток этээр жерин айтканда, Москва Жапаровдун бийликтен кетишине кызыкдар болгон саясаттын дөңгөлөгүн тегеретүүдө. 

Барган сайын басмайылы бошоп, туягы тукулжурап аксай баштаган бийликтин келечеги бүдөмүк тартып, саат жебеси ишенимдин кертилип, кемип бартканын көргөзүүдө… Буга Жапаров бийлик тизгинин колго алганы бир дагы абройлуу өлкө жетекчиси Кыргызстанга келбегени, ошондой эле, Жапаровду расмий иш сапары менен келип кетүүгө эч бир мамлекет чакырбаганы далил. Эптеп суранып жүрүп, коңшу төрт мамлекетти кыдырып келди. Жатыйжа нөл.
 
Алмазбек ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter