У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«MegaCom» компаниясын жана 2 банктагы мамлекеттик акцияларды сатуу пландаштырылууда


Министрлер Кабинети «MegaCom» уюлдук операторун акцияларынын 100 пайызын менчиктештирүүнү сунуштайт. Бул тууралуу инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, менчиктештирүү программасына Кепилдик фондунун, Керемет банкынын жана Евразия сактык банкынын мамлекеттик пакетин сатуу дагы кирет.
 
"Өкмөт бюджетти толтуруу максатында ушул компаниялардын чакан акцияларын сатууну каалайт", - деди Нурадил Баясов.
 
Анын айтымында, байланыш операторлорунун рыногунда атаандаштык көп болгондуктан, «MegaCom» компаниясын сатуу сунушталууда.
 
Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет «MegaCom» уюлдук компаниясын сатууга үч жолу аракет кылып, бирок натыйжа берген эмес.
 
Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча масштабдуу программаны даярдады. Алар киреше алып келбеген ишканадардын бардыгын сатууну сунуш кылышууда. Азырынча менчиктештирүү программасына 32 объект кирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter