У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордукталды. Шектүү катары 39 жаштагы жаран кармалды


 Өзгөндө 12 жаштагы кыздын зордукталганы тастыкталды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Мекеменин маалыматына ылайык, милицияга 2021-жылдын 23-июлунда болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарынын тургуну, 12 жаштагы өспүрүм кыз үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келген.
 
Кыз Өзгөн РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган. Табылган кыз аталган күнү көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүчү жайдын короосунда жайгашкан ажаткананын жанында белгисиз жаран зордуктагандыгын көрсөткөн. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен кыздын зордукталганы аныкталган.
 
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 162-беренесинин (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
 
Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында зордуктоого шектүү катары Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну М.А. кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
 
Тергөө иштери уланууда.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter