У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акча жесең «аталык» болосуңбу?


Өткөндөн такыр сабак албаган кокуй экенбиз. Кетмендин башын тебелей бергенден чарчабас болдук. Башкача айтканда, Бакиевдин учурундагыдай кимдин-кимдин заманы, "серый кардиналдардын" заманы деген кырдаал жаралды...
 
Мына энергетика тармагында Ширшовдун схемасы иштеп жатат. Энергетика министри Доскул Бекмырзаев Ширшовдун кадры. Учурда аталган министрликти жалаң Ширшовдун адамдары басып кетти. Баягы Бакиевдин доорундагы абал. Суу жок. Свет өчүп...
 
Нурлан Сулайманов Транспорт министрлигин, Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөрдү сырттан башкаргандай эле, энергетика тармагын Ширшов сырттан башкарып жатышкандарын көпчүлүк билбесе да, ал жакта иштегендер абдан жакшы билишет. "Северэлектро" "Холдинг" жетекчилигине бүт Ширшовдун "шпанлары" келген болсо, Транспорт министрлигине бүтүндөй Сулаймановдун кадрлары кайтып келишти. Бишкек Ош дирекциясына Ахматбек Келдибековдун кайнагасы барса, ал жердин мурда камалып чыккан жетекчиси Түндүк-Түштүк дирекциясына барды.
 
Ошто Акылбек Жапаров менен Нурлан Сулайманов жолду текшерип жүрүшөт го. Ал жерде Транспорт министринин дайны жок. Мына тамаша. Кызматта жок Сулайманов эмнеге жол текшерет?
 
Көрсө, иттин өлүгү бул жакта жатыптыр. Нурлан Сулайманов Транспорт министрлигинин маңдайынан офис ачып алганы, маселенин баары ошол жерден чечилип жатканы узун жомок... Транспорт министри анын орун басарларынын баары Сулайманов министр кезинде жардамчылары болушкан. Сулайманов өзү болсо кылмыш иши козголгондо качып кетип, анан 7 жылдан кийин мөөнөтүн эскертип туруп Кыргызстанга келип кылмыш ишин кыскартып, бүгүн министрликти тейлеп жатат. 
 
Ага кезинде Транспорт жана байланыш министри болуп турганда 2010-жылы кылмыш иши козголгон. Башкача айтканда, мамлекеттик каражаттан Азия Универсал Банкка айлантууга 206 млн. 607 миң сом мыйзамсыз берип, анын пайыздары Максим Бакиев жана Нурлан Сулаймановго түшүп турган деп айып тагылган. Андан соң да министр болуп турганда коррупциялык чийимдерди түзүп, 250 млн. сомдук жол тендерин өткөрүүдө өз пайдасын көздөп, ири өлчөмдөгү акчаны кымырган деп шек менен 2012-жылы Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (Мамлекеттик сатып алууда өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюу) боюнча кылмыш иши козголгон. Качып кеткенине байланыштуу издөөгө берилген.
 
Кыскасы, Бакиевдин коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон кадрлары өлкөнү, министрликтерди сырттан башкарып жатышса, аларды сырттан Минскиден башкарып жатышкандай кырдаал өкүм сүрүп жатат окшойт...
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter