У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы:«Шаардын жаңы облигин жаратабыз»

Бишкекке өнүгүү керек…"Өнүгүү-Прогресс" №15 Туура тандоо

- Бакыт Эргешович, Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы кандай максатта катышып жатат?
- Биз эмне себептен Бишкек шаардык кеңешине катышууну туура көрдүк? Максатыбыз – шаарга өнүгүүнү, өзгөрүүнү алып келүү. Өнүгүү болбосо, элибиздин жашоо-турмушу оңолбойт. Бишкекке өнүгүү аба-суудай керек. Шаар калкынын саны өсүүдө. Бирок өнүгүү жок болуп жатат. Шаардын жашоочуларына, сырттан келген меймандарга ыңгайлуу, комфорттуу, таза, жагымдуу шарт түзүүгө мезгил келди.

- Кантип өнүгүүнү жарата аласыздар?
- Иштегенден, жоопкерчилик алгандан коркпош керек. Элибизде «көз коркок, кол баатыр» деген жакшы макал бар. Демек, тоскоолдуктан, жаңылып калуудан сактанып отурбастан, тобокелдик кадамдарга, реформага баруу – учурдун талабы. Биздин партия шаарды өнүктүрүүгө багытталган өзгөчө план-программаларды ишке ашырууну көздөп жатат. «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» демекчи, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Бишкек шаардык кеӊешине ат салышып жаткан талапкерлердин дээрлик баарысы жаштар. Биз билимдүү, патриот, шаардын өнүгүшүнө салым кошсом деген жаӊыча ой-жүгүрткөн, ак ниет, изги тилеги бар, булганбаган таза жаштарды алып чыктык. 

- Программаңыздардын маңызы боюнча конкреттүү чечмелеп берсеңиз?
- Биз шаарды жарандык коом менен биргелешип башкарабыз. Ал үчүн мэрия менен түз кеңешип иштей турган ар тармактын өкүлдөрүнөн турган мугалимдер кеңеши; дарыгерлер кеңеши; таксисттер жана маршруттук айдоочулар кеңеши; домкомдор кеңеши; студенттер кеңеши; маданият ишмерлеринин кеңеши; ишкерлер кеңеши, майыптар кеңешин түзүп, алар көтөргөн маселелерди, сунуш-талаптарды анализдеп, анан шаардык кеңештин кароосуна, талкуусуна коюп, көйгөйлөрдү жарандык коом менен бирге чечүүнүн аракетин көрөбүз. Анткени алар маселени ичтен аралашып жакшы билишет. Андыктан алардын сунушу, сыны шаарды өнүктүрүүдө, маселени чечүүдө баалуу. Жарандык коом шаар маселесин чечүүгө түздөн-түз аралашып, аткарылып жаткан иштерге күбө болуп турат. Мындай кадам шаардык кеңештин депутаттары менен мэрдин ич ара жеке кызыкчылыгын ооздуктоого  чоң жардам болот. Жарандык коом канчалык активдүү болсо, көмүскөдөгү тескери көрүнүштөр айкын көрүнүп, ыкчам иш жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. 

- Кеңешип иш кылган жакшы, бирок шаарды өнүктүрүү үчүн чоң каражат талап кылынат да...
- Бүгүнкү күндө иш тез жүрбөсө, көйгөй үстүнө көйгөй жаралып, аны чечүүнүн жолдору да татаалдаша берет. Убакыт күтпөйт. Каражат тартыш деп күнүмдүк тиричилик менен таштанды тазалап, жазында гүл эгип, кышында кар күрөп коюп отура берсек, эч качан өнүкпөйбүз. Мен жогоруда айткандай, тобокелдик кадамдарга баруу керек. Иштегенге ниет болсо, каражат табууга болот. 
Убакытты жана чыгымды үнөмдөө, элибизге ыңгайлуу комфорттуу шарт түзүү  үчүн “Баары цифрада” деген долбоорду ишке киргизебиз. Жарандарыбыз баардык иштерин үйүндө отуруп телефон аркылуу эле бүтүрө ала турган цифровизацияны чукул арада жолго коёбуз. Тактап айтканда,  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр; справка алуу, бала бакча, мектеп, ооруканага кезекке туруу, коммуналдык төлөмдөр – суу, свет, газдын акысын төлөө, бюджетти онлайн көзөмөлдөө сыяктуу баардык кызматтарды телефон аркылуу эле бүтүргөнгө шарт түзүлөт. 

Цифровизациянын алкагында кандай жардам керек болсо 10 МҮНӨТТӨН кечикпеген убакытта чакыруу болгон дарекке жеткендей системаны иштеп чыгабыз. Ошол эле милиция кызматы, тез жардам, өрт өчүрүү кызматы 10 мүнөттөн кечикпей айтылган дарекке жеткидей болот. Ал үчүн шаардын параметрлерине ылайык милиция, өрт өчүрүү бөлүмчөлөрү көбөйтүлөт. Тез жардам убагында жетиш үчүн 4 мобилдүү жаӊы станция ачабыз жана жеке тез жардам станциялары менен тыгыз кызматташууну жолго коёбуз. Коммуналдык кызматтарды онлайн көзөмөлдөгөн база түзүлөт. Эгер кайсы бир жерде суу түтүгү керектен чыкса, лифт иштебей калса, газ түтүгү жарылса базага сигнал түшөт, коммуналдык кызмат өкүлдөрү ошол жерге 10 мүнөттөн кечикпей барып оңдоп кеткендей болот.    

- Негизи программаны жазган башка, аны ишке ашыруу башка. Эл убадага ишенбей калды...
- Туура, эл убадага ишенбей калганы чындык. Бирок ошол ишенимди кайтаруу үчүн кол куушуруп отура бербейбиз. Биз максатты бийик коюп, шаардын жаңы облигин жараталы деп жатабыз. Шаардын облиги – бул биринчиден тыкан, таза кийинген билимдүү, маданияттуу биздин жарандар. Экинчиден, шаарга көрк берген жаңы дизайн менен салынган бийик кооз имараттар, адамдар сейилдеген жашыл, жарык көчө, тротуарлар, сейил бактар. Үчүнчүдөн элге, конокторго ыңгайлуу бирдей түстөгү транспорт. Таксилердин бирдей түстө болушу, коомдук транспорттун таза, кенен жагымдуулугу. Ушул үч жагдай шаардын облигин жаратат. Мына ушул үч багыт боюнча – шаарды өнүктүрүүнүн камын көрүүгө тийишпиз.

- Ушул сиз айтып жаткан шаардын жаңы облигин жаратууда кандай шарттарды түзүп, ишти эмнеден баштоо керек? 
- Шаардын биринчи, негизи облиги тыкан, таза кийинген билимдүү, маданияттуу биздин жарандар дегенди айттым го. Мына ушул жаатта билим берүү, маданият тармагына олуттуу маани берүүгө тийишпиз. Биздин программада жаштарга кесиптик багыт боюнча шаардын билим берүү системасын күчөтүү менен бирге жаштарды өнүктүрүү борборун түзүү;  аскерге чейинки даярдык, англис, орус, эл аралык тилдерди үйрөтүү, IT адистигине даярдоо каралган. Мына чек ара чырлары мекенди көздүн карегиндей сактоо зарылдыгын көргөзүп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, аскердик даярдыкта болушун камсыздоо учурдун талабы болуп турат. Чет тилдерин үйрөнүү,  IT адистигине ээ болуу туруктуу жогорку айлык алып иштөөнү шарттайт. Биз муну менен жумушсуздукту жоюуга кадам таштайбыз. Ошондой эле, билимдүү жаштарды улуттук, руханий баалуулуктарга үйрөтүүчү маданият жана эс алуу борборлорун ачып, театр, музей, китепканалардын муктаждыктарына шаардык бюджеттен каражат бөлүү аркылуу калкыбыздын билимин, маданиятын көтөрүүнү башкы планга коюп жатабыз. 

Ал эми экинчи негизи багыт катары шаардын көркүн ачкан заманбап жаңы дизайнга негизделген архитектуралык курулуштарга көңүл бурабыз. БИШКЕК - ӨЛКӨНҮН БРЕНДИ БОЛУШ КЕРЕК!  Чар-жайыт салынган курулуштар болбойт. Баары генпландын негизинде салынат. Санитардык талапка жооп берген дааратканаларды курабыз. Учурда шаардын көп бөлүгүнөн даараткана таппайсың. Ыңгайсыздык, дискомфорт күч. Өнүккөн шаарда даараткана көйгөйү болбош керек. Жарандарыбыз, коноктор эс ала турган сейил бактар, аллеялар, тротуарларды куруу, калыбына келтирүү боюнча өтө чоң иштер жүрөт. Таштанды иштетүүчү заводдорду курабыз. Жаңы конуштар жол, суу, свет менен камсыздалат. Тротуарларды, вело жолдордун санын көбөйтөбүз. Шаарды жашыл аймакка айландыруу максатында бир адамдан бир көчөт деп, 1 миллион дарак отургузууну пландап жатабыз. Мындай иш аркылуу шаарды көркүнө келтирүү, таза абаны камсыздоого болот. Экология маселеси да чечилет. Шаардыктар түтүндөн арылат. Сейилдеп жашыл аймакта басышат. 100 километр тротуарларды калыбына келтирүү максаты турат. Мен велосипед тээп  шаар аралап көрдүм. Тротуарлардан жөө адам оңдуу баса албай турган абалга келиптирбиз. 

Үчүнчү көңүл бура турган шаардын облиги бул – транспорт. Шаардыктарга жана шаарга келген конокторго ыңгайлуу шарттардын бири транспорт болушу керек. Биз бул үчүн такси жана автобус үчүн – лизинг деген программа иштеп чыгып, троллейбустарды, газ менен жүргөн автобустарды, таксилерди лизинг аркылуу алгыдай мүмкүнчүлүк түзүп берели деп жатабыз. Ал үчүн мэрия болгон документациясына жардам берет. Такси кызматын аткарган машиналар бир түстө болот. Линия ээсине маршрутканын ордуна лизингге автобус киргизүү шартын талап кылабыз. Эрк болсо бул чечиле турган  маселе. Мына биз лизингге айыл чарба техникаларын алууну жолго коюу аркылуу дыйкандардын түйшүгүн кыйла жеңилдеттик. Мурдагыдай айыл чарба техинкасына болгон муктаждык жокко эссе. Биз ушул тажрыйбаны шаар транспортун чечүүдө колдонуп, ийгилик жарата алаарыбызга көзүм жетет.  

-   Шаардыктардын, меймандардын коопсуздугун камсыз кылууга да көңүл бурулабы? 
- Сөзсүз, көңүл бурулат. Буз биздин башкы приоритеттүү иш планыбыздын бири.  Коопсуздук жаатында “Акылдуу шаар” долбоорун улантуу максатка ылайык. Учурда “Коопсуз шаар” коммерциялык долбоорго айланып, камералар жол кесилиштерине гана орнотулуп, жол эрежесин бузган айдоочулардан айып пул өндүрүү менен гана чектелип жатат. Биз маселени комплекстүү карап чечебиз. Ар бир бала бакча, мектеп, оорукана, магазин, көчөлөргө жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу багытында видеокамералар орнотулат. Заманбап күзөт системасы, кайгуул кызматы иштейт. «Жарык шаар» долбоорун улантып, короолорго, көчөлөргө прожекторлорду орнотобуз. Шаар коопсуз болот. 
Рустам Алымбаев 

Буйуртма: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Атчабарова Ж.К тарабынан төлөндү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter