У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди Момбеков Аскер прокуратурасына суракка чакырылды


Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн саат 15:00гө Аскер прокуратурасына суракка чакырылганын билдирди.
Анын айтканына караганда, чакыруу кечээ келген, бирок чакырууда кайсы ишти сурай турганы тууралуу маалымдалган эмес, эл өкүлүнүн божомолунда сурак Кумтөр ишине байланыштуу болушу мүмкүн. 

" Менимче сурак Кумтөр ишине байланыштуу окшойт. Анткени буга чейин Кумтөр боюнча  УКМК  сурак бергем. Ал эми өткөн жылдын октябрындагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигине сурак бергем",-деди Момбеков.

Ушул менен Рыскелди Момбеков 2020-жылдын октябрынан бери төртүнчү ирет суракка чакырылып жатат. Ал буга чейин УКМКга Кумтөр иши боюнча, ИИМге октябрь окуялары боюнча сурак берген. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter