У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лөктөр суралууда. Өмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" боюнча сурак берди


“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев Кумтөр кенинин айланасындагы иштерге байланыштуу 28-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди.

“Тергөөчү 2012-жылы жана 2017-жылдагы окуялар боюнча сурады. Мен көргөн-билгенимди айтып бердим. Парламентте 2012-жылы Кумтөрдү иликтеген депутаттык комиссиянын ишин талкуулоо, Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча токтомдорду кабыл алуунун жагдайлары тууралуу сөз болду. 2017-жылы мөңгүлөрдүн тагдырын чечкен Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы боюнча да суроолор берилди”.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев да эки айга камалган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да кармалды. Баарына тең Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан.
“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter