У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Садыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойду


Президент Садыр Жапаров 25-июнда "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Антикоррупциялык кызматын жоюу жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Кызыгы, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 14-октябрда УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жоюп кеткен. сыягы, куугунтуктан коркту окшойт. Бирок былтыр октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун жарлыгын жокко чыгарып,  аталган кызматты калыбына келтирген.

Натыйжада, камачуларды камап болуп, эми кайра өзү жоюп жиберди. Эми бул кызматтын милдети кайсы мамлекеттик органга жүктөлөрү айтыла элек.

Жапаров УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат жоюларын ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айткан. Ал муну бизнести колдоо үчүн жасалган иш деп белгилеген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter