У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди Момбеков: «Акылбек Жапаровду суракка чакырабыз деп адашып мени чакырып алышты окшойт…»


 
Бүгүн, 1-июнда саат 3:00до Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга сурак берүүгө келди. Ал кандай себеп менен суракка чакырылганын билбей турганын билдирди. 
 
«Мени эмнеге суракка чакырганына өзүм да таӊ калып, түшүнбөй турам. Акылбек Жапаровду чакырам деп адашып чакырып алдыбы деп ойлоп жатам. Себеби Кумтөр боюнча мен эч кандай ишке аралашкан эмесмин. Кумтөр боюнча эки комиссиянын мүчөсү катары айтсам, Кумтөр ишинде эки жолу, 2003 -жылы жана 2009-жылы Кыргызстан үчүн пайдасыз келишим түзүлгөн. 2003-жылы Кыргызстан өз үлүшүнөн, 2009-жылы мөӊгүсүнөн ажырап калган. Комиссиянын мүчөсү катары мен ушул эки нерсеге басым жасап, комиссия өз ишин жыйынтыктаганда өзүмдүн өзгөчө пикиримди билдиргем. Ал пикирде Кумтөр ишинде комиссия 2003 жана 2009-жылдарды унутта калтырып жатканын, ошондой эле Кумтөрдү улутташтыруу керектигин жазгам. Андан башка менин Кумтөргө тиешем жок»,-деп билдирди эл өкүлү.
 
Ошондой эле Момбеков аны суракка күбө катары чакырып жатканын, бирок УКМКнын ичине киргенде эле күбөнү күнөөгө алмаштырып коерун баса белгиледи. 
 
«Мени күбө катары чакырып жатышканын айтышты. Бирок кайсыл иштерге күбө катары чакырылып жатканымды билген жокмун. Азыр кандай суроолордун негизинде чакырылып жатканымды айта албайм. Менимче, Кумтөр ишинде мен комиссиянын мүчөсү катары көп документтерге күбө болдум, ал боюнча эки-үч жолу өз пикиримди билдирдим. Балким, ошол нерсеге байланыштуу чакырып жатса керек. Кумтөр боюнча менин жеке көз карашым бар. Ал улутташтыруу. Биз улутташтыруу менен гана утушка ээ боло алабыз. Акылбек Жапаров айткандай соттошсок бизде утулуп калуу коркунучу бар»,-деди ал. 
 
Бул чакырууларды саясий өӊүттө алып карасак болобу? -деген суроого Рыскелди Момбеков: «Андай болушу мүмкүн. Кумтөрдүн иши менен жазалоо эмес тазалоо болуш керек. Кумтөр ишинде камала тургандар абдан көп. Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы иштеген көп адамдар бар, ошолордун баарын алып келип камай берсе болот», -деп жооп берди депутат. 
 
[video=]
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter