У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди Момбеков: «Кумтөрдү оюн кылбай улутташтыралы»


 Кумтөр алтын кениндеги ишмердикти текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Kумтөр Голд» ишканасын улутташтырууну сунуштады. Бул тууралуу ал 17-майда парламентте Кумтөргө байланыштуу чакырылган кезексиз жыйында билдирди.
 
Ал өз сөзүндө комиссиянын ишине ыраазычылык билдирип, комиссиянын курамында иштеген эксперттер эбегейсиз чоӊ иш жасаганын баса белгиледи. 
 
«Комиссиянын курамында иш алып барган эксперттердин ишин баалап коюшум керек. Эӊ чоӊ экономикалык, экологиялык экспертизаларды жасап чыгышты. Бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эӊ чоӊ доону ачыкташты. Эксперттерге менин эч кандай каршылыгым жок. Бирок комиссиянын кортундусунда аша чапкан, алабарман жерлер көп экенин айтып коеюн. Мен кечээ, Акылбек Үсөнбекович жөнөткөн тогуз барактан турган Жогорку Кеӊештин токтомун окуп чыгып, каршы пикир жаздым эле. Бирок эртеӊ менен 35 барактан турган кортундуга кол коюп бердим. Токтом долбоору тарыхый документ. Тарых тактыкты, саясат сактыкты талап кылат. Тарыхый документте көп адамдардын, мамлекеттин да тагдыры чечилет. Биз кабыл алынган токтом менен 2020-жылдын октябрына чейинкилерден башкасын бүт мамлекеттин чыккынчылары деп салдык. Чынында 2009-жылы келишимди колдоп бергендер, өкмөттө, Жогорку Кеӊеште иштегендер чыныгы чыккынчылар деп айта алам. Анткени биз ошол жылкы келишимде Кумтөргө болгон мүмкүнчүлүктү Конституциялык сот менен бекитип бергенбиз»,-деди эл өкүлү.
 
Ошондой эле эл өкүлү учурда Кумтөргө коюлуп жаткан 5 млрд доллар айып туура экенин, бирок аны биз өндүрө аларыбызга ишенбей турганын, анткени райондук соттун чечимин Арбитраждык сот кабыл албай турганын, Кумтөрдү алуунун эӊ жакшы жолу улутташтыруу экенин кошумчалады.
 
«Кумтөргө коюлуп жаткан доону өндүрүп алсак, жакшы болмок. Кытайдын карызынан кутулуп, ар бир кыргыз алтын аяктан суу ичип калсак кана. Бирок бул жомок. Биз эгемендүүлүктү алгандан бери эле Кумтөргө кулдук уруп келгенбиз. Азыркы соттошуу деле коштошуу эмес, бул достошуу. Эгер коштошо турган болсок анда башка жол менен баралы. Элди убара кылбай, элге убада кылбай улутташтырып салалы. Ошону кылалы, кылбасак "кысалы". Башка сөз жок. Биз эмне үчүн 2003 жана 2009-жылкы келишимдер тууралуу учкай кеп кылып калгандарына басым жасап жатабыз? Бул саясат да»-,деди Момбеков. 
 
Рыскелди Момбеков комиссиянын мүчөсү катары кабыл алынган токтом долбоорун колдоп кол коюп бергенин, бирок өзгөчө пикирин билдиргенин кошумчалады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter