У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийликти алганына 6 ай, президент болгонуна 100 күндөн ашкан Садыр Жапаровдун "ийгилиги"...


Чү дегенде эле Конституцияны өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду демилгелеп максатына жетти. Натыйжада: "Баш мыйзам боюнча  жоопкерчилик биринчи Конституциялык кеңешмеде, анан Жогорку Кеңеште, анан элдин өзүндө болот", - деп суудан таптаза кургак чыкты...

"Кумтөрдү" мамлекетке алабыз, кашык, табагыңар алтындан болот, - деген жомогу, "алтын калбай калыптыр" болуп өзгөрдү.  Бирок "Кумтөрдү" иликтөө боюнча жаңы түзүлгөн Мамлекеттик комиссия мүчөлөрү дагы 480 тонна алтын бар экенин жар салышты. Эшеги суудан өткөн Жапаров билмексен.

Инвесторлорго камкордук түзүлөт деген нерсе куугунтукка айланды. Премьер Марипов акыркы эки айда ишкерлерге 140 кылмыш иши козголгонун айтты. Ишкерлер капиталын сыртка чыгарууда. Мына камкордук!

"Мен президент болсом, мындан ары баары конкурс менен ачык айкын кызматка алынат",- деген конкурсу кайсы жеңдин ичинде жүрүп жатканын жан киши билбейт?.. Асмандан түшкөндөй эле кадрлар уу коргошундан дары жасап, Өзгөндү Баткенге каратып, Төрт-Күл суу сактагычына суу куйган стратегиялык каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенин жар салышып, кайра аны тангандар каалаган ботколорун чалышууда.

Кытайларга Жетим-Тоону бербейбиз деп кыймыл түзүп чыркыраган Тилекмат Куреновду камап салды. Башкаларга сабак болсун, корксун, ооз ачкыс кылып, Жетим-Тоонун тагдырын каалагандай чечем дегенге жол чаап убара.  "Баш кесмек бар, тил кесмек жок",-деп Садыр Жапаров өзү абакта отурганда айтканын унутту...

Толук кандуу ишке киришкен соң "Райым миллион" камалат деген ураааны тескерисинче болду. Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши токтотулуп, камактан бошотулду. Бул жагы: "Король умер, да здравствует король!", - дегендей болду. Коррупцияга каршы күрөшү башталбай жатып күмжам кылынды...

Кембагал өлкөнүн генералы көп... Генералдык чиндерди кол жоолуктай эле таратты. Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, Сыймык Жапыкеевге генерал- майор, ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековго генерал-майор, Баткенге губернатор болгон Өмүрбек Суваналиевге генерал-полковник (1-даражадагы мамлекеттик кеңешчи), Дастан Жумабеков Мамлекеттик биринчи даражадагы кеңешчи (генерал-полковник) чинин ыйгарды. Сыягы, президент  Садыр Жапаров: "Мен өзүм Нобель сыйлыгына көрсөтүлүп жатсам, генералдык чин кеп бекен",- десе керек...
33,8 млрд $ карызы бар Өзбекстанга Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу укугун ыйгарып салды. Тапкан инвесторуна суктанып бүтө албайсың. Эми Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин күрөөгө коюп акча алып, биз курдук деп сууга, электр энергиябызга ээлик кылса да кыңк дей албай калышыбыз мүмкүн. 

Орто-Токой, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга кеткени турат. Мына Өзбекстан Кемпир-Абадды туристтер үчүн реклама кыла башташты. Жабык болуп келген ажайып жер жакында ачылат дешип ролик, жаңылык таратып, дүйнөдөгү эң кооз туристтик курорттук жайлардын бири болот дегенди жайылтууда. Ташиев, Жапаровдун айынан Кыргызстан стратегиялык объектилеринен ажырап жатат. Жер–казына, суу–алтын. Булар жерден да, суудан да айрып кыргыз элин шорлотмой болушту...

"Нобель алчуулар" уу коргошунду кайнатып даярдап чыгарып жатышат. Президент менен министрдин "дарысы" элге кеңири тарайт да туурабы? Анан бул "дарыны" бири-бирине өчөшкөндөр, же көралбастык котур ташы койнуна батпагандар бири-бирине берип ууландырышпайт деп президент Садыр Жапаров менен министр Алымкадыр Бейшеналиев кепилдик береби? Ким жооп берет? Ким көзөмөлдөйт? Министр Бейшеналиев биз уулангандарга жоопкерчилик албайбыз деп суудан кургак чыкты.

Азык-түлүккө болгон баа асман чапчыды. 70 сом турган суу майы 180 сомго чыкты. 280 сом турган эт, 450 сомго өстү. 15 сом турган картошка 35 сом,  6-7 сом турган жумуртка 15 сом болду. 32 сом баадагы бензин 50 сомдон ашты. Дагы жакшы "бактыга жараша" айлык көтөрүлгөн жок.

Кудайдын ыйык орозо айында казинолорду ачууга уруксат берген мыйзам долбоору кабыл алынды. Эми казино ойноп мал, мүлкүн уттуруп жиберген жарандарыбыз күйүтүнөн уу коргошун ичип какаганга муштаган болуп, эки оору бир келсе, ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени болуп куурабаса болгону...

Өлүп баратса дагы Кудайга шүгүр дегенди жаңылбай айткан айкөл элим, Садыр Жапаров киргизген электр энергиясына болгон "Кудайга шүгүр" жаңы тарифинин айынан, жайкысын 1 сом 48 тыйын, кышкысын 2 сом 29 тыйындан төлөп, Кудайга шүгүр дегенди да айта албай кала турган болду...

Оо-о кийин, бир кезде, илгери-илгери бир хан жашаптыр. Ал калп айткан жагынан, анан айткан калпын танып кеткен жагынан эч бир ханды, ал түгүл эч бир жанды алдына салбаптыр. Калп айтып жатканда өзүн суудагы балыктай эркин сезсе, айткан калпын танып кеткен кетүүдө суудан таптаза кургак чыкчу экен деген сыяктуу икая айтылса керек...

"Шайтанды алдаган" Алдар көсөнүн амалкөйлүгү шоона эшпей, текей терип калган заманды баштан кечирип жатабыз...

Темирбек уулу Алмазбек


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter