У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Электр энергиясын 1 сом 48 тыйындан, кышкысын 2 сом 29 тыйындан сатуу сунушталып жатат, чектөө алынат


 

Калктын көпчүлүк катмарына же жашоо шарты жакшы деп баалангандар үчүн электр энергиясын 1 сом 48 тыйындан, кышкысын 1000 КВттан ашса 2 сом 29 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Буга чейин коюлган 700 КВт саатык чектөө алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды. 
 
«Эми электрэнергиясынын тарифи боюнча маселеге токтолоюн. 
Турмушу начар, аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Бул социалдык жактан камсыз кылуу мекемесинен алынган маалымат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен энергетиктер биргелешип дагы бир жолу тактап чыгышса бул тизме дагы көбөйүшү мүмкүн. Тактап чыгуу боюнча тапшырма беребиз. 
 
Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. 
 
Ал эми, жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Чектөө алынат. 
 
Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы.  Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз»,-деди ал.


Садыр Жапаров



Президент Садыр Жапаров энергетиктерди чогултуп, 700 КВт саатык чектоону алып салуу боюнча тапшырма берди. 
Саламатсыздарбы, урматтуу энергетиктер! 

Бүгүн Сиздерди чогулткан себебим, энергетика системасында жүрүп жаткан иштер, реформалар жана тарифтер тууралуу сөз кылып, талкуулоо болмокчу. 

Энергетика - стратегиялык маанидеги, ошону менен бирге көйгөйү көп тармак. 

Анын азыркы кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылат. 
Жалпыбыз күбө болуп келгендей, бул тармакта проблемаларды чечкендин ордуна тескерисинче проблеманын үстүнө проблемаларды үйүп, оңдоо иштерине деген шылтоо менен кредиттерди алышып, ал акчаларды ушул тармакка жумшабастан уурдап кетишип, натыйжада, бүгүн энергетика тармагынын карызы 129 миллиард сомду түзүптүр. 
Ошого жараша көмөк чордондорубуз, линияларыбыз оңолгон эмес.
Тескерисинче, итке минген абалга келиптир. 

Бул каражаттардын көпчүлүк бөлүгүн энергетиктер эмес, бийлик башында олтурушкан аткаминерлер уурдап кетишиптир. 
Бул маселе боюнча эсеп палатасына тапшырма берилет. 
Изилдеп чыгабыз. 

Суунун башында олтуруп, электр энергиясын экспорттоочу эмес, импорттогон өлкөгө айланып калыптырбыз. 
Ушул тапта Казакстан менен Өзбекстандан алып жатабыз. Бул Кыргызстандыктар үчүн өтө уят көрүнүш.
Эми мындан ары бул системага бир тыйын карыз албай, тарифтерди озгортуу жолдорун колдонуп, өз күчүбүз менен кризистен чыгып кетүүнүн жолдорун издеп жатабыз. 

Албетте, түшүнүгү тайыз, же жакшы түшүнүп турса да популисттик кылып, эл үчүн күйүп-бышкан саясатчы болуп көрүнгүсү келгендер ММК беттерин бербей, капталдан чыгышат. Тариф саясатын сындап. Анткени алар күзүндө  өтө турган шайлоодо элдин добушун алуунун амалын издешет. 

"Саясатчы алдыда боло турган шайлоолорду эсепке алып ойлонот, ал эми мамлекеттик ишмер өлкөнүн келечегин гана ойлойт" деген учкул сөз бар. 

Андыктан, биз сиздер менен мамлекеттин келечеги үчүн коркпой иш алып бара берели. 
Жыйынтыгы жакшы болот. 
Кийин көпчүлүк эл рахматын гана айтат. 
Мени санаа тарттырган, күндүр-түндүр  түйшөлткөн бир гана ой бар. 
Ал ой -  "10-январдагы президенттик шайлоодо билдирилген, 11-апрелдеги добуш берүүдө экинчи жолу тастыкталган калың элдин ишенимин, үмүт-тилегин канткенде актай алам?" деген ой. 
Кыргызстандын энергетика тармагы -  бизден мурунку муундан мураска калган, ошолордун караандай мээнети, маңдай тери менен түптөлгөн эң зор байлык эле. 

Бүгүнкү күндө энергетика тармагы эмнеге мындай өтө оор абалга туш болду? 
Эмне себептен анын терең кризиске батышына жол бердик? 
Эми аны канткенде сактап калабыз?
Бул суроолор - баарыбызды кыжаалат ойго салып, кабатыр кылчу суроолор. 

Энергетика тармагынын жан кашайткан мындай оор абалын көрүп туруп көрмөксөнгө салган саясый кайдыгерликти, волюнтаризмди токтотпосок болбойт. 
Кыскасы, энергетика тармагын сактап калууга тийишпиз. 
Аны сактап калуу үчүн көптөн бери топтолуп, бирок чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүнү ниет кылып, биз чечкиндүү аракеттердин баарына барууга даярбыз. 

Дагы кайталайын, энергетика тармагындагы көйгөйлөр эмнеден улам жаралды? 
Түз эле айтайын, 30 жылдан берки айрым аткаминерлердин жеңил ойлуу саясый чайкоочулугунун айынан, эптеп эле уурдап калууну көздөгөн алдым-жуттум мүдөөлөрүнөн улам ушундай акыбалга кириптер болдук. 
Проблемалар өз маалында чечилбей, убакыттан кыйла уттурдук. 
Эскертип коёюн, биз эми мындай шалаакылыкка экинчи жол бербейбиз. 
Биз эптеп эле элди алдап, алагды кылуудан алыспыз. 

Ошол эле маалда, биз болжоп, пландаштырып жаткан энерго системасындагы реформалар эл-журтка оорчулук келтирбей, залалы тийбеши керек. 
Маселенин ушул жагын да дыкаттык менен карап жатабыз. 
Өлкөнүн саясый жетекчилиги жана энергетика министрлигиндеги жаңы команда бул багытта өтө маанилүү маселелер менен алпурушууда.
Бирок бул жетишсиз. 

Энергетика багытындагы оор жагдай бүгүн эле жаралып калган көйгөй эмес, башкаруучулардын 30 жылдан берки  шалаакылыгынын натыйжасы экендигин туура түшүндүрүп, алдыдагы иш-чаралардын маани-маңызын элге жеткирүү үчүн бүтүндөй өкмөт, бардык министрликтер, акылы сергек жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенүүсү кажет. 
Бул максаттарды ишке ашырууга канчалык тез киришсек, буюрса, жакынкы мезгилдерде суу таңкыстыгы, кычыраган кышкы суукта электр жарыгынын өчүп калышы сындуу терс көрүнүштөрдөн ошончолук бат арылабыз. 
Биздин пландарыбыз арбын, максаттарыбыз бийик, дымагыбыз күч. 
Ошол себептен биз келерки 2022-жылды "энергетика жылы" деп жарыялоону ниет кылып, атайын иш-чаралардын тартибин белгилеп жатабыз. 

Эми электрэнергиясынын тарифи боюнча маселеге токтолоюн. 
Турмушу начар, аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. 
Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Бул социалдык жактан камсыз кылуу мекемесинен алынган маалымат. 
Жергиликтуу бийлик окулдору менен энергетиктер биргелешип дагы бир жолу тактап чыгышса бул тизме дагы кобойушу мумкун. 
Тактап чыгуу боюнча тапшырма беребиз. 

Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Чектоо алынат. 

Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. 

Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. 
Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. 

Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз. 
Эмне үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен алыскы тоолуу райондордо жашаган, жашоо шарттары оор бүлөлөргө арзан тариф сунушталып жатат? 

Анткени 30 жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жетиштүү шартта жашаган үй-бүлөлөргө бирдей тариф сунушталып келген. 
Мындан ары бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалы биринчи кезекте эске алынып, көңүл буруларына ишендирем.






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter