У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кубанычбек Жумалиевдин мамлекетке өткөн мүлкү…


 
 Депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекеттин кирешесине акча жана мүлк менен 1 млрд. сом которду. Ал 45 миллион сомду УКМКнын эсебине которуп, Таш-Көмүр шаарындагы (Ноокен району) цемент заводун мамлекетке өткөрүп берген. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине өз булактарына таянып жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, Кубанычбек Жумалиев Таш-Көмүр шаарында быйыл ишке кире турган ишканасы 955 миллион сомго бааланган. 
 
Эске салсак, Кубанычбек Жумалиев депутат кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алган деп шектелип, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал кечээ, 12-апрелде мамлекетке 1 миллиард сом төлөп, мамлекеттен сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter