У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай вакциналары коронавирустан натыйжалуу коргой албай турганы айтылды


 Кытайдын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башчысы Гао Фу ишембиде, 10-апрелде, өлкөнүн түштүк-батышындагы Чэнду шаарында өткөн пресс-конференцияда коронавируска каршы кытай вакциналарынын натыйжасы төмөн болуп жатканын билдирди. 
 
Анын айтымында Кытай бийлиги вакцинанын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн аларды айкалыштыруу ыктымалдыгын карап жатканын жана мРНК. технологиясынын жардамы менен түзүлгөн Батыш вакциналарынын артыкчылыктарын эске алууга үндөдү.
 
«Вакцина өтө жогорку деңгээлде коргоону камсыз кыла албайт. Биз эмдөө процесси үчүн ар түрдүү техникалык линиядагы вакциналарды колдонушубуз керекпи же жокпу деген маселе расмий түрдө каралып жатат, - деп баса белгиледи Гао Фу.
 
Бул кытай аткаминери тарабынан жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина COVID-19 вирусунан жетиштүү деңгээлде коргобой жатканын мойнуна алган биринчи учур.
 
Бразилиядагы клиникалык сыноолордун жүрүшүндө аныкталгандай, кытайлык Sinovac Biotech Ltd. фармацевтикалык компаниясы тарабынан өндүрүлгөн вакцина коронавирустан 50,4 пайыз гана коргойт. Ал эми компаниянын айтымында, вакцина COVID-19 оорусунун 80 пайыз алдын алат
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter