У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү табылды

 
 Бишкек шаарында ала качууга божомолдонуп эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү Аламүдүн районунан табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 14.30дар чамасында милицияга Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда, унаада талаага жакын жерде кыз менен эркек кишинин сөөгү табылды деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери Honda Civic унаасын табышкан. Унаанын айдоочусу борбор калаанын Биринчи Май районунда кызды уурдаган деп шектелип издөөдө жүргөн.
 
«Унаанын ичинде 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т. З. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда эркектин бычактан жаракат алгандары аныкталган. Жергиликтүү тургундар аталган унааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөндөрүн бирок баткакка тыгылып калды деп маани бербегендерин билдиришкен. 7-апрель күнү келип, унааны караганда унаадан кыз менен жигиттин бычактан жаракат алып каза болгондорун көрүп милиция чакырганын айтышкан», - деп билдиришти башкармалыктан.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, Т.З., кыз менен урушуп кетип аны муунтуп өлтүргөн. Андан кийин ал өз өмүрүнө кол салган. Белгилүү болгондой, жабырлануучу Айзада Канатбекова болгон.
 
Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter