У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакыт Сыдыков: Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5, 500 млрд. куб метрге чейин азайып кетүү коркунучу бар


 Эгер эч кандай аракеттер көрүлбөсө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5 миллиард 500 миллион куб метрге чейин түшүп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, учурда Токтогул суу сактагычында 8 миллиард 585 миллион куб метр суу бар. Ал суу сактагычтагы суунун мындай аз көлөмүн "кооптуу, өтө төмөн" деп баалады.
 
Эгер эч кандай аракеттер жасалбаса, суу сактагычтагы суунун көлөмү келерки жылы 5 миллиард 500 миллион куб метрге чейин азайып, ГЭС авариялык абалга туш боло турганын, бирок азыр алдын ала иштер жасалып жатканын айтты. 
 
Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн Бишкек ЖЭБи иштеп чыккан электр энергияны көбөйтүү каралган. Мындан сырткары Кыргызстан Өзбекстандан үч жылдык мөөнөткө 750 миллион кВт/саат электр энергиясын, Казакстандан да 900 миллион кВт/саат электр энергиясын карызга алып жатат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter