У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Жерүй» – Кыргызстандын инвестициялык имиджинин күзгүсү болобу?

 
Дээрлик отуз жылдан бери ар кандай тоскоолдуктар, чыр-чатактар менен ачылбай келе жаткан өлкөдөгү эӊ ири кендердин бири болгон, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошо турган «Жерүй» алтын кени ишке берилди. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы «Жерүй» кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачты. 
 
Иш-чарага «Альянс групптун» президенти Муса Бажаев жана ВТБ банктын төрагасы Андрей Костин да катышып, сөз сүйлөштү. Россиянын президенти жана ВТБ банктын башчысы бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышты.
 
Алтын ылгоочу фабриканын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров «Жерүй» кенинин иши токтобойт деп баса белгиледи.
Ал бул боюнча: “Ооба, бул кырдаалга ыраазы да, нааразы да болгондор бар. Бирок иш башталып калгандан кийин биз кайра артка тартпайбыз. Андай кылууга азыр мүмкүнчүлүгүбүз жок. Учурда ири инвестициялык долбоор Орусиянын катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылып жатат. Бул долбоор Талас облусунун өнүгүүсүнө жана жалпы Кыргызстанга олуттуу салым кошот. Буга чейин эле бюджетке 1,5 млрд. сом түшкөн. Эми фабриканын ачылышы менен бюджетке түшкөн акча дагы көбөйөт. 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөт. Анын 95% Кыргызстандын жарандары болот”, - деп билдирди.
 
Иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышкан Россиянын президенти Владимир Путин:  
            - Бул долбоор Россиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат, -деп белгиледи.
 
Салтанаттуу иш-чарага катышкан “Альянс групптун” президенти Муса Бажаев дагы сөз сүйлөп: 
            - Бул айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбеген заманбап өндүрүш. Мында миңден ашык киши жумуш менен камсыз болсо, ишканага кандайдыр бир тиешеси бар тармактарда 2 миңдей киши иштейт. Кыргызстан “Жерүй” долбоорунан салык жана Социалдык фондго төлөм катары бир миллиард доллардан көбүрөөк акча алат. “Бакубат Талас” фондуна жыл сайын 2 миллион доллар бөлүнүп, бул каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мектептерди курууга жана бизнеске жардам берүүгө жумшалат”, - деп айтты.
 
Ырасында, «Жерүй» Кыргызстанда тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга жана бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошчу ири долбоор гана эмес, кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгын жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк, союздаштык мамилелерди чыңдоодо дагы маанилүү ролду ойнойт. «Жерүйгө» салынчу инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 610 миллион долларды түзүп, кенди иштетүүдөн өлкөнүн бюджетине түшчү жылдык пландаштырылган төлөмдөр болжол менен 4 миллиард сомго жетет. 
 
Буга дейре эле 2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейинки убакытта «Альянс Алтын» тарабынан долбоорго 410 миллион доллар жумшалып, бюджеттик жана социалдык төлөмдөргө, «Бакубат Талас» фондусуна бөлүнгөн сумма — 923 млн. сомду түзгөн. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлор каржыланып, чакан жана орто бизнес үчүн аз пайыздык чен менен жеткиликтүү насыялар берилип турат. Алар үчүн 600 млн сом которулган. Анын 220 миллион сому социалдык долбоорлорго, ал эми 380 миллион сому ишкердикти насыялоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Жалпысынан 169 миллион 239,6 миң сомго 341 долбоор ишке ашырылды. Анын ичинен Талас облусунда «Бакубат Талас» фондунун эсебинен 41 млн сомго 63, Талас шаарында 20,9 млн сомго 41, Кара-Буура районунда 20,1 млн сомго 33 долбоор каржыланган. Дагы 40 долбоор Бакай-Ата районунда 18,6 миллион сомго, 34 долбоор 15,2 миллион сомго - Манас районунда жана 23 долбоор 7,9 миллион сомго - Бекмолдо айыл өкмөтүндө ишке ашырылды. Мындан тышкары, фонд тарабынан 107 аймактык долбоорго 45,7 млн сомдук каражат бөлүнгөн.
 
Алтын чыгаруучу фабрика жылына 1,3 миллион тонна руданы иштетүү кубаттуулугуна ээ. Бул жылына 5 тоннага чейин алтынды эффективдүү жана экологияга зыян келтирбестен казып алууга мүмкүнчүлүк берет. Бардык казылып алынган руда бул фабрикада кайра иштетилип, андан кийин өлкөнүн аймагында тазаланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот. Кенди иштетүүдө дүйнөлүк стандартка туура келген заманбап технологиялар колдонулуп, экологиялык жактан коопсуздук жогорку деӊгээлде сакталат. 
 
Арийне, республикада алтындын запасы боюнча экинчи орунда турган ишкананын ишке кириши өлкөнүн бюджети үчүн гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык имиджи үчүн да маанилүү. Чындыгында, бүгүнкү күндө «Жерүй» республиканын эң ири инвестициялык долбоорлорунун бири. Анын ийгиликтүү ишке кириши тоо-кен тармагына гана эмес, экономиканын башка тармактарына да инвесторлорду тартууга оң таасирин тийгизет.
 
«Жерүйдө» бардык экологиялык стандарттардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулган. Ишкана ишке киргизилгенге чейин, «Альянс Алтын» эл аралык «Sensor Group» компаниясын жалдап, калдык сактоочу жайдын бийик экологиялык стандарттарын тастыктаган. «Sensor Group» калдыктарды сактоочу жайларды сыноо жана мембрананын агып кетишин аныктоо боюнча дүйнөлүк лидер. Белгилей кетүүчү нерсе, алтынды өндүрүүдө «Жерүй» ишканасы колдонгон технологиялар заводдун калдык сактоочу жайга коюлган калдыктарынын толук коопсуздугун камсыз кылат.
 
Кыргызстанда колдонулуп жаткан Кооптуу калдыктар классификаторуна ылайык, «Жерүй» фабрикасынын таштандылары эң коопсуз, бешинчи класска кирет. Жарым кургак сактоочу жай колдонулат: калдыктын нымдуулугу 20 пайызга чейин жетет. Ал эми калдык сактоочу жайдын түбүнө коюлган геомембраналар нымдуулуктун дренажын, ошондой эле жаан-чачынды (жаан-чачындан) толугу менен жокко чыгарат - көлмө аркылуу суу алтын иштетүүчү фабрикага кайтып келет, ошентип дарыядан суу колдонуунун көлөмү кыскарып, зыяны тийбейт. 
 
Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Анын жыйынтыгы боюнча кенде 100 тоннага чукул алтындын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар деп белгиленген. Көлөмү боюнча Кыргызстанда «Кумтөрдөн» кийинки 2-орунда турат. 1992-жылдан бери «Жерүйдү» иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан. 
 
Мурдагы президент Акаевдин тушунда бул кенди иштетүү укугу англиялык "Оксус Голд" компаниясына берилсе, андан кийин Бакиевдин бийлигинин тушунда бул алтын кен долбоору "Global Gold" компаниясынын колуна өткөн. 2007-жылы лицензия казакстандык "Визор групп" компаниясына сатылган.
 
2010-жылдан кийин өкмөт «Жерүйдүн» 60 пайыз акциясына ээлик кылган казакстандык “Визор групп” компаниясынын лицензиясын "инвестордук милдетти аткарган жок" деген жүйө менен жокко чыгарган. Натыйжада, Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 580 миллион доллар доо койгон. 
           
2015-жылы кыргыз өкмөтү жаңы аукцион жарыялап, Россиялык ишкер Муса Бажаевге караштуу “Востокгеолдобыча” компаниясы утуп, аталган кенди 2035-жылга чейинки мөөнөткө иштетүүгө лицензия берилген. Компанияга мурдагы инвестордун доосун жөнгө салуу милдети да жүктөлгөн. «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча жаңы инвестициялык келишимдин негизинде Кыргызстан 100 миллион доллар тапты. Буга чейин кенге ээлик кылган казакстандык "Визор" компаниясы 580 миллион долларга Кыргызстанды сотко берип, утуп алган. Келишимге ылайык, кенди иштете турган компания 70 миллион доллар төлөп, сотту дагы жөнгө салган.
 
Мурдагы "Восток геолдобычанын” тактап айтканда, Россиядагы “Группа Альянс” башкы компаниясынын алдында түзүлгөн  “Альянс Алтын” «Жерүйдү» иштете баштады. “Альянс Алтындын” контролдук пакети Муса Бажаевге тиешелүү.
 
Жаркынай Кадыркулова


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter